Пекиндик 33 жаштагы фотограф Сиюань Чжудзи (төрөлгөндө коюлган аты Си Лулу) бир канча жыл мурун боордун рагынан каза болгонун атасынын сөөгүн казып алып, аны менен фотосессия жасады. Ал сүрөттөрдү каза болгондорду эскерүү фестивалынан бир күн өткөндөн кийин социалдык тармакка жарыялаган.
Атасы каза болгондо Сиюань Чжудзи болгону 3 жашта болгон. Атасы менен сүрөткө түшө албасынан улам, анын сөөгүн көрдөн казып алып фотосессия кылууну кыялданып келген. Кызыгы бул кыялын ишке ашырууда сүрөттү фотографтын аялы тарткан.
"Сүрөткө түшүү учурунда сөз менен айтып бере албаган сезимдер болду. Мен сүрөткө түшүп жатканда кийимдеримди чечип, жылаңач болдум. Анткени биз бул дүйнөгө дал ушундай абалда келип, ушундай абалда бул дүйнөдөн өтөбүз. Биз чыныгы искусствону элге көрсөтүүдөн коркпошубуз керек", - деген ал.
Булак:NazarNews.kg