Токол издөөгө арналган мобилдик тиркеме мусулмандардын ачуусун келтирди

15 мая 2019 Токол издөөгө арналган мобилдик тиркеме мусулмандардын ачуусун келтирди

Индонезиялыктар үчүн ачылган таанышуу тиркемеси жергиликтүү тургундардын жинине тийди. Ал сайт үй-бүлөлүү эркектерге токол издөөгө арналган, деп кабарлайт lenta.ru агенттиги.

Мобилдик тиркеме AyoPoligami деп аталат. Тиркеменин автору Линду Пранаяма индонезиялыктарга (ислам динин тутунгандарга) “чоң үй-бүлө болууну” кыялданган кыз-келиндер менен таанышууну сунуштайт.

Индонезияда көп аял алууга мыйзам менен уруксат берилген, бирок эркек киши аны үчүн биринчи аялынын макулдугун алууга тийиш. Мындан тышкары, соттун расмий уруксаты да керек. Эркек төрт аял алууга укуктуу. Бирок, жергиликтүү активисттердин айтымында, көп учурда эркектердин жасаткан уруксат кагазы жасалма болуп чыгат.

Жаңы тиркемени 10 миңден ашык адам жүктөп алган, бирок эркектердин көпчүлүгү токол издөөгө мыйзамсыз киришкени аныкталды. Ушундан кийин катуу сынга кабылган сервистин автору талапты күчөтүп, тиркеменин жаңы нускасын чыгарууга убада берди. Жаңы эреже колдонуучуларды жеке күбөлүгүн, үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымат менен мыйзамдуу никедеги аялынын жазуу түрүндөгү уруксатын көрсөтүүгө милдеттүү болот.