Европалыктардын жакасын карматкан Борбор Азиянын мыйзамдары

15 мая 2019 Европалыктардын жакасын карматкан Борбор Азиянын мыйзамдары

СССРден бөлүнүп чыккандан бери ар мамлекет өзүнө президент дайындап, жаңы мыйзамдарды кабыл ала баштады. Көпчүлүк президенттер ушул мыйзамдар аркылуу өзгөчө көрүнгүсү келсе керек.

Сакал өстүрүүгө тыюу

2014-жылдан баштап Тажикстан мугалимдерге сакал өстүрүүгө тыюу салган. Аталган мыйзам орто мектептер менен ЖОЖго тиешелүү. Бирок, 50 жаштан ашкандар белгилүү бир узундукка чейин өстүрө алышат. Дал ушул сыяктуу мыйзам Өзбекстанда да бар. Кичине өскөн сакалыңыздын айынан мугалимдик кызматыңыздан айрылып калышыңыз мүмкүн. Мындан тышкары, сакал өстүрүп жүргөн жаш өспүрүмдөрдү полиция алып барып, тергөөгө укуктуу. Күйөрмандар матчты сакалынын айынан көрө албай калган кездер да болгон.

“Акыркы коңгуроого” тыюу

Бул жолу да Тажикстан мамлекети өзгөчөлөнөт. 2016-жылдан бери окуучулар акыркы коңгуроону угуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышкан. Алар башка мамлекеттеги курдаштары сыяктуу асманга шар учуруп, мугалимдери менен ата-энелеринин жылуу тилектерин уга алышпайт. Мыйзам бузулган учурда катуу чара колдонулат. Өзбекстанда окуучулар акыркы коңгуроо үнүн укканы менен, коштошуу кечесин өткөрө алышпайт. Аттестаттарын алгандан кийин алар үйлөрүнө тарашат.

Алтын тиш салдырууга тыюу

2006-жылы Тажикстанда мугалимдердин бири айлык акынын өтө аз экенин айтып нааразы болгон. Өзүн башка кесиптештери менен салыштырса керек. Ушундан кийин Тажикстан президенти бул маселени өзгөчө жол менен чечип, мамлекеттик кызматкерлерге алтын тиш салдырууга тыюу салган.

Балет, цирк, операга тыюу

2001-жылы Түркмөнстан президенти балет, цирк жана опера сыяктуу маданий иш-чаралардын өтүүсүнө тыюу салган. Президенттин айтымында, түркмөндөрдө мындай искусство жаатына деген кызыгуучулук жок. Мындан тышкары, чет элдик гезиттердин чыгуусуна тыюу салынган.  

Милдеттүү түрдө дресс код болушу керек

Түркмөнстан банкына ар бир эле адам кире албайт. Себеби, ал жерде атайын дресс-код бар. Мисалы, күн ысыкта чолок шым менен фудболка кийип жүргөн болсоңуз, банкка кире албайсыз. Ал тургай, ошол банктын кадырлуу кардары болсоңуз дагы дресс-код сакталышы керек.

Саясат темасын окутууга тыюу

2015-жылдан баштап Өзбекстан университеттеринде саясат темасын окутууга тыюу салынган. Президенттин айтымында, бул темада чындыкка жанашкан фактылар аз.

Бийик дарак өстүрүүгө тыюу

Өзбекстан мыйзамына ылайык, бадалдын бийиктиги 0,5 метрден ашпоосу керек. Ушундай жол менен 50 сантиметрден ашкан бадалдардын баардыгы кесилип салынат.

Аэропорт менен темир жол бекетине жүргүнчүлөрдөн башка эч ким кире албайт

Өзбекстанда жүргүнчүлөрдүн тааныштары менен туугандары аларды узатуу үчүн аэропортко же темир жол бекетине кире алышпайт. Муну президент террористтик чабуулдан коргонуу үчүн жасаган.