Адистер АКШда коркунучтуу оорунун 40 пайызы семиздиктен же ашыкча салмактын таасиринен болгон башка да себептери бар экенин айтышты.
Ошол себептүү, дени сак жашоону кармануу залалдуу - шишикке кабылбоонун кепили.
Изилдөөгө коркунучтуу оору менен ооруган 630 миң америкалык оорулулар катышкан. Окумуштуулар семиздик менен баш шишиги, тамак эритүү системасы, боор менен бөйрөк, жатын менен өт, калкан безге байланыштуу коркунучтуу оорунун 13 түрүнүн байланышын аныкташты. Булар рак оорусунун 40 пайызы болуп саналат.
Рактын семиздик менен байланыштуу түрү 2005 жана 2014-жылдар аралыгында 7 эсеге өскөн.
Мындай дартты көзөмөлдөө жана дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Лиза Ричартсондун айтымында, ашыкча салмактан арылган сайын рак оорусунан айыгуу мүмкүнчүлүгү көбөйөт.