Уктап жатып аялын ура берген адамды дарыгерлер дарылоого киришти

15 мая 2019 Уктап жатып аялын ура берген адамды дарыгерлер дарылоого киришти

Дарыгерлер уктап жатып аялы менен мушташкан адамды дарылоого киришти. 

Тайвандагы Тайчжун шаарынын жашоочусу 60 жаштагы Вунун 10 жылдан бери уйкусу бузулган. Башында ал түшүндө жөн гана сүйлөшсө, кийинчерээк уктап жатып колун ар жакка шилтеп баштаган.

Мындай Вунун соккусунан күндө таяк жеп жүргөн аялы аны турмушта зордук-зомбулук көрүп жүрөм деп сотко берет.

Айласы түгөнгөн эркек дарыгерге барып, өзүнүн сейрек кездешүүчү уйкунун бузулушунан келип чыккан ооруга чалдыкканын аныктаган.

Ву эс алып жаткан кезде анын мээси ээсинин кыймылын жөнгө сала албагандыктан, ал уйкуга кеткен учурда түшүндөгү кыймылдар өңүндөгүдөй кайталанат окшойт.

Изилдөө көрсөткөндөй, анын бул аракети эң биринчи жанында жаткан аялына оңой эмес экени түшүнүктүү болгон.

Ошентип, Ву “Куанг Тянь” ооруканасына жаткырылат. Адистер анын уктап жатканда кандай аракеттерге бара турганын байкоо камерасы аркылуу көрүшкөн. Ошондо анын уктап жаткан учурда да активдүү кыймылга келип, көрүнбөгөн каршылашы менен алпурушуп жатканын аныкташат.

Уйкунун тез бузулуу мезгили дары-дармектин жардамы менен дарылай турган оору экен. Эми дарыгерлер Вуну дарылоого киришти.