Эркек киши дарыкананын кассасынан 25 миң сом алып кеткен.
Токмоктун шаардык соту дарыкананы карактаган деген айып менен жергиликтүү тургунду беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сомдук айыпка жыкты. Бул тууралуу соттун токтому чыкты.
К.З.К. күнөөсүн мойнуна алып, 2019-жылдын 12-мартында балдары ооруп, дары-дармекке акча издегенин айтып берген. Жолдон досторуна жолугуп, сыра ичкен. Караңгы киргенден кийин "Айболит" деп аталган дарыканага кирген да акчасы жок экенин айтып, сатуучудан дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип кассадагы акчаны алып алган. Ары жактан чуркап келген сатуучуну түртүп жиберип качып кеткен.
"Колунда 15 миң сому бар экен, өзүнүн айтымында, балким калганын чуркап бара жатканда түшүрүп алса керек. Эсине келгенден кийин милицияга келип, жасаганын айтып берген. Келтирген чыгымдарынын баарын төлөп берди", — деп айтылат токтомдо.
Ал эми дарыкана жетекчисинин айтымында, кечинде келген эркек киши баласы ооруп жатканын айтып, эмне дары керектигин сураган. Андан кийин акчасы жок экенин, мындан улам кийип жүргөн курткасын күрөөгө коюп дары алууну өтүнгөн.
"Аял кийимди күрөөгө алуудан баш тартып, бир ампула новокаин берген да аны кантип колдонуу керектигин түшүндүрүп берген", — делет материалда.
Окуянын андан аркы өнүгүшү боюнча экөөнүн айткандары дал келгени маалымдалат. Аял эркекти кечирип, аны жазалабоону суранган.
Бирок сот аны Кылмыш жаза кодексинин 201-беренеси (Каракчылык) боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары, айыпкер 70 миң сом төлөмөр болду.