Адистер Европадагы ар бир бешинчи бөбөк ашыкча салмактан жабыркай турганын билдирген.
Тежемел жана эмчек сүтүн дайыма эмбеген ымыркайлардын толуп кетүү кооптуулугу жогору. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун Европалык аймактык бюросунан билдиришти.
"Баланы канчалык көпкө чейин эмизсеңиз, толуп кетүүдөн ошончолук сактаган болосуз", — деп айтылат изилдөөдө.
Адистер Европадагы ар бир бешинчи бөбөк ашыкча салмактан жабыркай турганын билдирген. Маалыматта кенже класстын окуучулары деп катталган (6-9) 13,7 млн. баланын ичинен 400ү ашыкча салмакта деп табылган. Бул аталган аймактагы 21 өлкөдө жашаган балдар боюнча берилген сандар экени маалым болду.
Мындай кооптуулуктан алыс болуш үчүн Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм баланы жок дегенде жарым жашка чыкканга чейин эмчек сүтү менен тамактандырууну сунуштаган.