Оштун мэри: көмүскө кумарканалардын иштешине милиция өзү кызыктар

14 мая 2019 Оштун мэри: көмүскө кумарканалардын иштешине милиция өзү кызыктар

Мэр Таалайбек Сарыбашов шаардык милициянын башчысы менен жолугуп, кумарканаларды калкалагандарга чара көрүүнү тапшырып, эскертүү бергенин айтты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов көмүскө кумарканалардын иштешине милиция кызматкерлери өздөрү кызыктар экенин айтты. Бул туурасында ал шаардык кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-майда, журналисттер калаадагы кумарканасы бар делген "Де люкс" мейманканасына барганда күзөтчүлөрү аларга күч колдонуп, биринин камерасын тартып алып жазылмаларын өчүрүп салган. Андан соң милиция кызматкерлери келип, журналисттерге кол көтөргөн эки күзөтчүнү кармап кеткен. Ал эми милиция ал жай эки ирет шектүү катары катталганын, бирок атайын экспертиза "кумар ойноочу жай эмес" деген жыйынтык чыгарып бергенин айтууда.

Бүгүн шаардык кеңештин депутаты Рысбек Турдуев милициянын мындай билдирүүсүн сынга алды.

"Журналисттер көмүскө иштеп жаткан кумаркананы аныкташты. Ал жерде бир жигит акчасын уттуруп жатса, силер экспертизадан кийин белгилүү болот дейсиңер. Акча уттуруп жатканы өзү экспертиза эмеспи", — деди Турдуев.

Ал эми мэр Сарыбашов кечээ ушул окуядан кийин шаардык милициянын башчысы Муратбек Боронов менен жолугуп, тиешелүү тараптарга чара көрүүнү тапшырып, эскертүү бергенин айтты.

"Кумарканалардын иштешине милиция өзү кызыкдар. Алар баарын билет. Экспертиза аныктабай жатат деген сыяктуу баарын мыйзамга такап коёт. Муратбек Бороновдон сурасам, жеке өзү бул иштерди калкалабай, үлүш албай турганын айтты. Бирок тийиштүү кызматкерлер табылса катуу чара көрөрүн билдирди", — деди Сарыбашов.

Ош шаардык милициясы 2018-жылы калаада көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары 8 жай аныкталганын билдирүүдө. Бирок экспертиза муну аныктап берген эмес.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда кумар оюндарын уюштурууга тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Бул мыйзам күчүнө кирери менен кумарканаларды жабуу милдеттендирилген.