Улуттук банктын төрагасына кечирилген миллиондор текшерилет

2 ноября 2018 Улуттук банктын төрагасына кечирилген миллиондор текшерилет

Башкы прокуратура Улуттук банктын төрагасына берилген турак жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын текшерип чыгышы керек. Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ушундай талап коюлду.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай ссудасын берүүгө акылуу экенин, бирок аны эсептен чыгарып салууга акысы жоктугун айтты.

- Башкы прокуратура мен айткан фактыны текшерип чыксын. Эсеп палатасынын менин суроомо берген "мыйзам бузуу жок" деген жообунун мыйзамдуулугу да текшерилсин. Мыйзамсыз кечирилген акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу боюнча чара көрүлсүн, - деди депутат Асылбаева.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак жай ссудасы эсептен чыгарылганын депутат 31-октябрда айтып чыккан.

Башкы банк бүгүн бул маселеге байланыштуу комментарий берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын тастыктады.

Мекеме бул чечим мыйзамдуу экенин айтууда.

Жалпысынан, 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган.

 

https://www.centralasian.org