ЛДПР Орусияда тажик жарандарына өзгөчө макам берүүнү сунуштоодо

2 ноября 2018 ЛДПР Орусияда тажик жарандарына өзгөчө макам берүүнү сунуштоодо

Бул тууралуу учурда иш сапары менен Тажикстанда жүргөн Орусиянын либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДПР) лидери Владимир Жириновский билдирди.

Анын айтымында, жакынкы убакта ЛДПР партиясы «Тажикстан жарандарынын Орусия аймагындагы өзгөчө макамы тууралуу» мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын кароосуна алып чыгат. Тажикстанда жумушчу күч, ал эми Орусияда акча көп экенин белгилеген Жириновский бул эки мүмкүнчүлүктү пайдалануу керектигин айтты.

«Мындан тышкары биз Душанбеде болочоктогу эмгек мигранттарын даярдоо үчүн атайын мектеп ачууну чечтик. Анда тажик жаштары орус тилин окуп, адистиктердин бирине үйрөнөт. Андан соң каалаган өлкөсүнө барып иштей алышат», — деди Жириновский.

ЛДПР лидери белгилегендей, ар бир тажик жаранынын паспортунда Орусияга эң ынак өлкөнүн жараны деп орус тилинде жазылышы керек. «Мындай документ менен Тажикстандын бир дагы жаранынын, өзгөчө эмгек мигранттарынын полициячылар менен эч кандай маселеси болбойт», — деди ал.

Мындан тышкары орусиялык саясатчы дале болсо борбору Алматыда жайгашкан Орусиянын Ортоазиялык федералдык окуругу түзүлүшү керек деп эсептей турганын билдирди. «Бул акыры ишке ашырылышы керек болгон процесс... Бирок Борбор Азия өлкөлөрү анын курамына кирүү-кирбөө чечимин өз алдынча кабыл алышат», — деди Жириновский.

ЛДПР лидери Москвага баргандан кийин ФСБ жетекчилигине жеке өзү кайрылып, тажик-ооган чек арасына 2-3 метрлик тереңдиктеги чуңкурларды казууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрыла турганын айтты. «Андан кийин бир дагы террорчу, бир дагы аткезчи Тажикстан менен чек араны бузуу жөнүндө ойлобой да калат», — деп эсептейт ал.

 

https://www.centralasian.org