Билл Гейтс саудия ханзаадасынын фондуна жардам берүүнү токтотту

2 ноября 2018 Билл Гейтс саудия ханзаадасынын фондуна жардам берүүнү токтотту

Журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу америкалык миллиардер Билл Гейтс мураскер ханзаада Мухаммед бен Салмандын кайрымдуулук уюму менен кызматташуусун токтотту.

Гейтс саудиялык фонддордун биринин кайрымдуулук демилгесине 5 миллион доллар бөлүп берүүнү пландап жаткан. Ал билим берүү тармагындагы инновацияны өнүктүрүүгө багытталган.

Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы конусулдугуна 2-октябрда кирип кеткен бойдон чыккан эмес. Андан үч жума өткөндөн кийин саудия бийлиги ал каза болгонун ырастаган. Алгачкы версияга ылайык, журналист консулдук кызматкерлери менен мушташып кеткенден кийин мерт болгон. Бирок көп өтпөй өлкөнүн прокурору Хашоггинин атайылап өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Сауд Арабиясынын жетекчилиги бул иш боюнча 18 шектүү кармалганын билдирип, бирок окуяга өзүнүн тиешеси бар экенин четке каккан.

Батыш өлкөлөрү саудия бийлигинин бул версиясын чын деп эсептебейт жана Хашоггини өлтүрүүгө буйрутма бергендер падышанын үй-бүлөсүнө тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Буга байланыштуу бир катар өлкөнүн лидерлери Эр-Риядга каршы санкция киргизилиши мүмкүндүгүн айтышкан. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Хашоггинин өлүмү алдын ала пландалганын билдирген.

 

https://www.centralasian.org/