Бишкекте "Коопсуз шаардын" дагы 9 камерасы ишке кирет. Көчөлөрдүн тизмеси

6 мая 2019 Бишкекте "Коопсуз шаардын" дагы 9 камерасы ишке кирет. Көчөлөрдүн тизмеси

Жаңы комплекстер 7-майдан тарта ишке кирет.

Бишкектеги дагы тогуз кесилиште "Коопсуз шаардын" камералары иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Жаңы программалык комплекстер 7-майдан тарта төмөнкү кесилиштерде иштейт:

Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектиси;

Чүй жана Манас проспектилери;

Чүй проспектиси менен Павлов көчөсү;

Жибек Жолу менен Манас проспектилери;

Махатма Ганди менен Боталиев көчөлөрү;

Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан датка көчөсү;

Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү;

Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү;

Байтик баатыр жана Максим Горький көчөлөрү.

Спутник Кыргызстан