Муфтият быйылкы битир-садаганын баасын бекитти

6 мая 2019 Муфтият быйылкы битир-садаганын баасын бекитти

Мусулмандар битир-садаганы өз калоосу менен мечиттерде берсе болот.

Муфтият битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди.

2019-жылдын Орозо календары

Буудайдан сырткары, ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 384 сом, ун – 40 сом, арпа – 48 сом болсо, курманын баасы 480 сомду түздү.

Мусулмандар битир-садаганы өз калоосу менен мечиттерде бере алышат.

Спутник Кыргызстан