Кандай азыктар нерв системасын тынчтандырат

5 мая 2019 Кандай азыктар нерв системасын тынчтандырат

Уйкусуздук, жумуштун көптүгү жана дагы башка факторлор нерв системасынын алсызданышына өбөлгө түзөт. Анан стресс менен жалпы алсыроонун да айылы алыс эмес. Маселени чечүүгө кээ бир азык-түлүктөр жардам берет.

Стресске каршы азыктар

Көпчүлүк дарыгерлер нерв системасын дары-дармек менен тынчтандырууну сунушташат. Тилекке каршы, дары-дармектер терс таасир бериши мүмкүн жана кээ бири организмге жакпайт. Эгер сиз ден соолугуңузга тынчсызданган болсоңуз, тамагыңызга зарыл азыктарды кошуу аркылуу тынчтыкты кайра калыбына келтирүүгө, күч-кубат жыйнап, дени сак жашоо образына келүүгө аракет кылып көрүңүз.

Антидепрессанттарды максаттуу түрдө узакка созулган стрессте, гормондун иштеп чыгуусу катуу бузулганда пайдалануу керек.

Курамында белок, йод, С жана РР витаминдери менен магнийи бар банан тынчтандырууга таасир этет. Бул жемиш маанайга негизги таасир эткен серотонинди иштеп чыгарууга жардам берет. Мындан тышкары, банан уйкуну жакшыртат.

Какао менен кара шоколад нерв системанын тез арада калыбына келүүсүн камсыз кылат. Эртең менен ичилген бир чыны какао организмде адреналин, серотонин жана дофаминдин иштеп чыгуусун көбөйтөт. Булар нерв системасы алсыраган адамдын тынчтануусуна жана жалпы абалынын жакшырышына мүмкүндүк берет. Какао – табигый антидепрессант экенин көп жылдык тажрыйбалар далилдеген.

Депрессия менен стрессти дарылоодо жаңгактын орду өзгөчө. Алар нервди акырындык менен жакшыртат, маанайга таасир этчү гормондордун пайда болушун жөнгө салат, мээни зарыл микроэлементтер менен азыктандырат. Күн сайын бир ууч жаңгак жесеңиз, абалыңыз жакшырып, шайыр жүрөсүз.

Деңиз балыгында нерв системасына жакшы таасир эте турган көптөгөн майлуу кычкылдар (кислоталар) бар. Балык менен деңиз азыктарын көп колдонуу аркылуу чөккөн маанайдын алдын алууга болот.

Стресс убагында дан өсүмдүктөрү кошулган чайды жатар алдында ичүү сунушталат. Ал тынчы жок маанайды басып, уйкуну жакшыртат, ошондой эле күндүзгү кайдыгерликке туруштук берет. Нервдин тынчсыздыгын басууга сасык чөп да жардам берет. Аны чайга кошуп ичүүгө болот.

Жашоо образыңызды өзгөртүңүз!

Эгер ар дайым маанайыңыз чөгүп жүрсө, жашооңузда бир нерсени өзгөртүү керек. Жумуштан көбүрөөк эс алууга аракет кылыңыз, кинотеатр, көргөзмөлөргө барыңыз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, бассейнге жазылыңыз. Сүзүү жан дүйнө тынчтыгын түзүүгө жардам берет.