Британиялык аял 42 жашында 20 баланын энеси болду

5 мая 2019 Британиялык аял 42 жашында 20 баланын энеси болду

Азыркы учурда аялдардын басымдуу бөлүгү үч баладан көп төрөшпөйт. Кош бойлуулук – организм үчүн татаал процесс, ал эми бала тарбиялоо андан да кыйын. Бирок, Улуу Британиянын жашоочусу Сью Редфорд кыйынчылыктан коркпой, 20 жолу эне болду. Бул тууралуу The Sun кабарлайт.

18-сентябрь күнү Арчи аттуу уулун дүйнөгө алып келген Редфорд Улуу Британиядагы эң көп балуу эне аталды. Анын сөзүндө, күйөөсү экөө уулунун жарык дүйнөгө келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн. Азыр алардын үй-бүлөсүндө 11 уул, 9 кыз бар.

Өзүнүн күйөөсү колдой турганын айткан аял эми мындан ары үй-бүлөсүн кеңейтпей турганын айтат. “Уулубуздун дени сак жашоого келгенине кубанычтамын. Эми балалуу болбой турганымды ойлоо кыйын”, - деди Сью.

Сью менен Ноель балдар үйүндө таанышкан. Биринчи баласын 14 жашында төрөгөндөн кийин, дароо үй-бүлө курушкан. Ошондон бери ал дагы 19 бала төрөгөн.

Ал балдардын жашоого келген күнүн чаташтырбайт. Ал эми күйөөсү болсо кээде балдарынын туулган күнүн унутуп калат экен.