Австралиядагы Дикин университетинин окумуштуулары адам бактылуу болуш үчүн ага үч нерсе керек экендигин айтышат.
Психолог Роберт Каминс адам баласынын бактысыздыгына анын улуту, перзенттин жоктугу, жашаган жери таасир этпей турганын айтты. Ал эми тескерисинче адамды бакытка бөлөөчү алтын үчилтикке төмөндөгүлөр кирет.
Таасир этүүчү факторлордун бири акча. Профессордун айтымында, керектүү акчанын суммасы туруктуу жер менен балдардын санына жараша болот. Жалпы орточо эсеп менен ар бир адамга бир жылда 100 миң доллар керек болушу мүмкүн. Кийинки нерсе – сүйүктүү адамыңдын болушу. Жеке жашоо акчага караганда абдан маанилүү болуп саналат. Анткени, ал береке менен колдоо сезимин сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Жашооңуздагы бактылуу учурларды бөлүшүү үчүн сизге бир гана адам керек. Ал эми мындай колдоосу жок адамдар кыйынчылыктарга туруштук бере албайт”, - дейт Камминс. Бакыттын ачкычы ден соолукта деп айтуу кыйын. Ошондой болсо да, адамдын өнөкөт ооруларга чалдыкпай жүрүшү абдан маанилүү.