Азиз Батукаевге рак диагнозун койгон делип эки дарыгер кармалды

3 мая 2019 Азиз Батукаевге рак диагнозун койгон делип эки дарыгер кармалды

17-апрель күнү Кыргызстандын башкы прокурору криминалдык авторитеттин иши кайра жанданганын айткан.

Криминалдык авторитет Азиз Батукаевге рак диагнозун коюуга шектелип бир онколог жана лабораториянын бир кызматкери кармалганын Ички иштер министрлигиндеги булак билдирди.

Шектүү адамдарды ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы колго түшүргөн. Министрликтин маалымат кызматы Башкы прокуратура Батукаевдин иши боюнча сотко чейин тергөө иштерин баштоо тапшырмасы келгенин кабарлады. Ал эми дарыгерлердин кармалышы боюнча маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаевди 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кылмышкер катуу тартиптеги колонияда жаза өтөп, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаев оор илдетине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча ушу тапта "курал-жарак сактаган" деп айыпталып Чечен Республикасынын абагында отурат.

Криминалдык авторитет боюнча иш кайра жанданганын 17-апрель күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчет берип жатып айткан. Ошол учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылары маалым болгон.

Спутник Кыргызстан