Кыз-келиндердин айрым кылыктары мырзаларды чочутат. Бир нече китептин автору, таанушууга арналган мобилдик тиркемени ойлоп тапкан Саманта Дэниэлс эркектер үйлөнгүсү келбеген аялдардын 10 тибин белгилеген. Алар кандай аялдар?
Педагог аял. Эркектерге акыл айтып, үйрөтө турган аялдар башында камкор көрүнүшү мүмкүн. Бирок, эркектер мындай “лекциядан” тез чарчашат.
Сезим менен ойногон аял. Мырзалар сезим менен ойногон аялдардын кылыгын көтөрө беришпейт.
Эркектерди өзгөртүүгө аракет кылган аялдарды. Эркектер өздөрүн кандай болсо, ошондой кабыл алгысы келбеген аялдарга үйлөнүүнү каалашпайт.
Кызганчак жана ишенбей турган аял. Аял киши себепсиз кызгана берсе жана сүйүктүүсүнө ишенбесе, аягы эки ажырым жол менен бүтөт.
Өзүн бүтүндөй эркекке арнаган аял. Эркектер камкорлукту, мээримдик жакшы көргөнү менен, өзүн-өзү таштап салган аялдарды каалашпайт.
Атасы менен байланышы жок аял. Мындай аялдар адатта өзүнөн улуу мырзаларга турмушка чыгат. Алар атасынан ала албаган мээримдик күйөөсүнөн алгысы келет. Убакыттын өтүшү менен жолдошу ага жар эмес, ата болуп калат.
Баарын энеси менен кеңеше турган аял. Эркектер үй-бүлөсүндө болгон окуяны энеси менен талкуулаган аялдарды жактырышпайт. Мындай ушакчы аялдардан алыс болгусу келет.
Сүйүктүүсүн башка эркектер менен салыштырган аял. Эркектер өздөрүн башка менен салыштырууну көтөрө алышпайт.
Арыктоо үчүн диета кармаган аял. Эркектер даамдуу тамакты тоё жегенди жакшы көрүшөт. Ал эми дасторкондо отуруп алып, диетасы тууралуу айтып бүтпөгөн аялдарды жактырышайт.