Бала бакчанын башчысы баланы тизе бүгүп, жерди өбүүгө мажбурлаган. Видео

3 мая 2019 Бала бакчанын башчысы баланы тизе бүгүп, жерди өбүүгө мажбурлаган. Видео

Краснадардагы № 74 бала бакчанын башчысы балдардын бирин тизе бүгүп, жерди өптүргөнү боюнча полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Баланы мазактаган видео 1-май күнү интернетке жарыланган. Андан аял балдардын жана чоңдордун көзүнчө баланы мазактап, жаман сөздөрдү айтып, урушканы көрүнүп турат.

Айрым ЖМКлар бакчанын башчысын колдоп мындай деп жазып чыгышкан: “Ал тажрыйбалуу педагог, ал эми бала Краснодарга жакында эле үй-бүлңсү менен кңчүп келип, бакчадагы башка балдар менен урушап, тил табыша албай жүргөн. Бала “орус жерин жаман көрөм” деген сөзүнөн кийин тарбиячы жазалоону чечкен.