Жыныстык катнаш учурунда каза болгон 9 адам

2 мая 2019 Жыныстык катнаш учурунда каза болгон 9 адам

Секс — бул өнөктөштөргө ырахат бере турган мамилелердин бир бөлүгү. Ал эми анын түрдүүлүгү бул ырахатты арбытат. Бирок, кээде аша чаап кетүү өмүлгө дагы алып келиши мүмкүн.

1. Төшөк оюндары учурунда электр тогуна урунуп өлгөн аял

Пенсильваниянын 29 жаштагы жашоочусу Кирстен Тейлор аттуу айым өз үйүндө эсин жоготуп жаткан абалда табылган. Ал ооруканада көз жумат. Полиция күйөөсү өлтүргөн деп айыптайт. Чынында, жубайлар төшөк оюндарында электр тогун колдонуп келген. Акыркы жолу фендин өткөргүчүнөн от чыгып кетет. Оюндан от чыгат деп бекер айтылбаган.

2. Бадыраңды секс үчүн оюнчук катары пайдаланып каза болгон аял

46 жаштагы Оливер Дитманн кокустан өзүнүн сүйүктүүсү Рика Варнаны бадыраң менен өлтүрүп алат. Сүйүшкөндөр “жашылча вибратору” менен төшөктөгү жашоосун кооздогусу келген. Оливер бадыраңды аялдын тамагына чейин киргизгенден кийин ашканадан чыккан түтүнгө алаксып кетет. Кайра кайтып келген учурда тамагына бадыраң тыгылган аял эс учун жоготуп жаткан болот. Эркек киши байкабай өлтүрүп алганы үчүн соттолгон.

3. Аутоэротикалык тумчугуудан өлгөн актер

Кино жылдызы Дэвид Кэррадайндын Бангкоктогу мейманканадан моюнунан жана жыныс органдарына чейин жип менен байланган абалдагы өлүү денеси шкафтан табылган. Актер кооптуу сексуалдык практикадан кийин каза болгон. Ал аутоэротичикалык асфиксия менен алектенген, анын негизинде сексуалдык ырахат жогорулайт экен.

4. Виаградан бир бөтөлкө жутуп алып, жүрөгү топтоп калган эркек

Сергей Турганов менен өтө чоң акчага мелдешкен эки аял 12 сааттык секс-оргия уюштурушат. Акчага кызыккан киши бир бөтөлкө виаграны жутуп алып, төшөк оюндарынын экинчи мүнөтүндө эле жүрөгү топтоп, каза болуп калат.

5. Карыган аялды зордуктап жаткан учурда каза болгон эркек

Техаста 77 жаштагы аялдын үйүнө 53 жаштагы эркек киши бастырып кирип барат. Дароо эле аялды сылап-сыйпоого өтөт. Бирок, баштаган ишин токтотуп, эсин жоготуп коёт. Коркуп кеткен аял полицияга чакырат, алар келгенге чейин эле зордукчу жүрөк оорудан каза болуп калат.  

6. Сүйүү кумары учурунда арстанга жем болгон аял

Зимбабведе турист болуп эс алып жүргөн сүйүшкөн жаштар бадалдын арасында сүйүү кумарына бата башташат. Күтүүсүз алардын жанына арстан келип калат. Жигит дароо жылаңач бойдон жардамга чакырганы чуркап кетет. Коруктун кызматкерлери менен кайра кайтып келген учурда жырткыч аялды жеп койгон болот.

7. Темир жолдо сүйүү кумары менен алектенгендерди поезд тебелеп кетет

Өзгөчө сезимди башынан кечиргиси келген украиналык жаштар темир жолдо локомотивдин алдында сүйүү кумарына бата башташат. Бирок, тилекке каршы алардын “иши” аягына чыкпай калат. Ордунан жылып жөнөгөн позддин алдында калган кыз каза болот, жигит болсо бутунан айырмаланат.

8. Унаанын ичинде секс менен алектен сүйүшкөндөр дарыяга кулап кетет

Унаадагы секс — муну ар бир сүйүшкөн даамдап көрүүгө аракет кылат. Анита Гарольд жана Ричард Ланг унаада сүйүү кумарына батып, өтө берилип кетишкендиктен, ордунан жылып, сууга кулап бараткан унааны сезбей калышкан. Унаанын ичиндеги экөө тең каза болот.

9. Секс учурунда тамдын башынан кулап кеткен жаштар

Каролина университетинде окуган жаштар жамгырдан кийинки тамдын башында секс менен алектенишет. Бирок, аягына чыкпай, тайып кетишип, 15 метр бийиктиктен кулашат. Эки жаш ооруканада каза болушат.