Төрт жашар кызын жыныстык катнаш үчүн саткан ата 60 жылга соттолду

2 мая 2019 Төрт жашар кызын жыныстык катнаш үчүн саткан ата 60 жылга соттолду

Техастын 30 жаштагы жашоочусу Эндрю Терли өзүнүн төрт жашар кызы менен жыныстык катнашка баргысы келген жарандан 1000 доллар алмак болгон деп KHOU11 телеканалы кабарлады.

Аталган кулактандырууну жаран Craigslist сайтына чыгарган.

Аны байкаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери жашыруун сатып алуучу катары, каардуу атага кызынын акысын төлөй турганын айтышкан. Терли акчаны алары менен, “сатып алуучуларды” кызынын бөлмөсүнө алып келген. Полициялар Терлини ошол жерде камакка алышат.

Белгилей кетсек, Терли өзүнүн жубайы менен ажырашкандан кийин, кичинекей кыз энеси менен калган. Бирок, атасы аны кээде өз үйүнө алып келип турган.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 60 жылга эркинен ажыратты. 45 жылдан кийин кылмышкер шарттуу түрдө эркиндикке чыгышы мүмкүн.