Тойдун эртесиби?.. ЖКнын бүгүнкү жыйында 30га жетпеген депутат отурат

2 мая 2019 Тойдун эртесиби?.. ЖКнын бүгүнкү жыйында 30га жетпеген депутат отурат

Саат 10:20га карата каттоодон өткөн депутаттардын саны 110ду түздү.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 2-майдагы, жыйынында залда 30га жетпеген депутат отурат.

Саат 10:20га карата каттоодон өткөн депутаттардын саны 110ду түздү. Бирок залда отурган эл өкүлдөрү андан бир топ эле аз.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалымат боюнча бүгүн жалпы жыйынында 17 маселе каралат.

Белгилей кетсек, 1-май күнү ЖК төрагасы Дастан Жумабеков баш болгон депутататтардын жоон тобу менен биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган өкмөттүн айрым мүчөлөрү Оштун Кара-Суу районуна "Исмаил ата" фондусу уюштурган иш-чарага катышып келишкен. Район акими Тилек Матраимовдун маалыматы боюнча, меймандар 9-май — Жеңиш күнүнө, ошондой эле Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган волейбол жана футбол турнирине барышкан.

Спутник Кыргызстан