Ата-энелер эмнеге "жакындан жар изде" дейт? Айылым алыс үчүн ашыгымдан ажырадым

2 ноября 2018

Журналист Эламан Карымшаков кичи мекени Ошко барып, бир окуяны угуп таң калып келди. Ал — кызга энесинин "жол алыс, тек-жайын билбейм" деп коңшу райондо жашаган сүйгөн жигити менен сүйлөшүүсүнө тыюу салып койгон окуя экен. Мындан улам колумнисттин "кыздарды алыс жерге берсе, бактысыз болуп калабы?" деп башы ооруп турган чагы.

Узаган жумада эмгек өргүү алып, айылыма бардым. Той сезону табында, кызып турган маал экен. Ата-энем эки күндүн биринде "баланча баласын үйлөп, түкүнчө кыз узатып жатат" деп жөнөп калышат. Үй той, сүннөт той дегендери да көп. Алысыраак туугандар телефон чалса тойго чакырып жаткан жокпу деген ой биринчи келет. Менин досторумдан да бирөө үйлөндү. Дагы бири ноябрдын ортосунда аяштуу болосуң деп камынып жүрөт. Тоок жылында жар табуу жеңил болдубу айтор, быйыл той көп экенин айтышууда. Мейли тойлор эле болуп турсун! Мен айта турчу кеп такыр башка…


Эмгек өргүүдө жүргөндө классташ достор "аш жейбиз" деп чогулуп отурдук. Мурдагыдай бүгүнкү күндүн жыргалы менен шарактабай, жашоого олуттуу карай башташканы байкалды. Бири быйыл үйлөнүү ниетинде жүрсө, экинчиси кийинки жылга пландап жатат. Айрымдары көңүлүнө жаккан айылдаш кыздарды ортого салып сурап коёт.  "Аштан" үйгө бара жатканда бир досум жүрөгүн өйүгөн сырын айтып берди. Айылдары алыс болгондуктан, ашыгынан ажыраптыр. Бул кандайча болгонун кененирээк өзүнүн оозу менен айтууну эп көрдүм. Кыздын атын да өзгөртүп берүүгө туура келди.

… Жибек менден эки жаш кичүү, экөөбүз үч жыл мурда таанышканыбыз. Мен Оштогу башка университетте, ал ушул эле шаарда Медициналык колледжде окучу. Жибек биринчи көргөндө эле көзүмө жылуу учурап, жүрөккө жакындай түшкөн. Деген менен дароо эле кыз-жигит болуп калган жокпуз. Бири-бирибизди жактырсак дагы эмнегедир батынып айта албай көпкө жүрдүк. Бирок мамилебиз кыз-жигиттердей эле болчу. Жетелешип басып, киного барып, сырдашып анан да бири-бирибизди кызганып турчубуз. Ошентип жүрүп байкалбай эки жыл өттү. Акыры сүйүүмдү ачык билдирдим, ал да ушуну эле күтүп тургандай дароо макул болду. Андан эч нерсени аябадым бир азга бошосом телефон чалам, окуусуна же үйүнө бара калам. Маал-маалы менен белек берип ал сүйүнсө, мен андан өтүп кубанчумун. Эң башкысы, көкүрөгүмдөгү катылган жакшы сөздүн баарын ага арнап турар элем. Мурда "тоок сүйүү" баштан өткөн, бирок жан дүйнөм менен сүйгөн бир гана Жибек болду. Демек биринчи сүйүүм десем да болот. Анын да мага болгон сүйүүсүн сезип, жанымда отурганда "бактылуулук" деген ушул тура деп калам. Көңүлүм ток болуп, келечектеги жубайым катары элестетчүмүн. Экөөбүз келерки, 2019-жылы баш кошууну пландаганбыз.

Жибек Өзгөн районунун алыскы бир айылынан. Оштун борборунан унаа менен үч сааттай жол жүрүп жетсиң. Мен Кара-Суу районунун Алай тарабында жайгашкан айылында жашайм. Ошондо биздин айылдан анын үйүнө чейин төрт саатта жетет экенбиз. Кептин баары ушунда болуп жатпайбы…

Быйыл жайда окуу жылы аяктап, экзамендерин тапшырып бүтүп айылына кетти. Аны узатып жатып "Сагынганда шаарга келип тур! Болбосо каникулуң бүткөнчө мени сары оору кыласың" десем, ууртунан жылмайып, кыса кучактап коштошуп кеткен. Ошол бойдон дайынсыз. Такыр байланыша албай айлам кетти. Жанын койбой чала берип телефонун алдырсам, жалооруңку  үн менен зорго сүйлөдү. Ансыз да кооптонуп турган жанымды ого бетер санаага салды. Көрсө, апасы экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү билип калып үйүнө барганда катуу тилдептир. Мамилебизге караманча-каршы туруп "экинчи аны менен жолукпагын" деп тыюу салыптыр. Байкуш Жибегим энесине кайра сөз айта албай көз жашын көлдөтүп, кала бериптир.

Анын апасы мен кандай жигит экениме, тек-жайыма кызыгып көргөн эмес. Айылымды укканда эле айныптыр. Эгер "жигитиңдин мүнөзү же жүргөнү жаман, үй-бүлөсү начар адамдар тура,  айылы тоонун түбүндө, автобус күнүнө бир эле жолу каттайт экен" деп, али билбей туруп, шектенип, негизсиз  каршы чыкса макул демекмин.  "Анысы жөндүү, кызы үчүн тынчсызданып жатат, эне да" деген ой болмок.  Бирок бул жердеги парадкос — тагдырды айылдын 3-4 сааттык аралыгы, тагыраагы "алыстыгы" чечип жатпайбы!  А негизи менин айылым чоң трассанын боюнда жайгашкан, шаардан 40 мүнөттө жетесиң.  Апасы "жигитиңдин үй-бүлөсүн тааныбайм, жол алыс" деп кызын тегерек четиндеги айылга эле берүүнү эп көрөт экен. Жибек ичиндегисин жарылып айта албай, энесине баш ийүүгө мажбур. Мукураганда балким, жардамы тиер деп анын бир тууган эжесине чалсам жылуу сүйлөп, "болочоктогу кайненемди" көндүрүүгө аракет кыларын айтты. Бир күнү Жибектен "эмнеге эжеме айттың, баары андан да жаман болду" деген СМС келди. Экөөбүздүн мамилебиз тууралуу апасы менен эжелери гана билиптир. Эгер атасы менен агалары укчу болсо катуу кагуу жейм деп ыйлайт. …Ошентип сүйүүбүзгө чекит коюлду.

Жибектин — гүлүмдүн (ошентип эркелетчү элем) элеси көз алдымдан кетпей, көпкө кыйнады. Окуу башталганда ал түшчү аялдаманы канча аңдысам да кезиктире албадым. Бир күнү Жибекке окшош бирөө ошол жерден маршруткага түшүп кетти. Кууп жетип,  астына өтө,  унаамды токтото салып ошол маршруткага кирсем,  ага окшошураак бирөө болуп чыкты. Мурда башка кыздарды кароого да көңүлүм тартпаса, ага өчөшүп бир топ кыздар менен таанышып, башым оогон жакка басып кетчү болдум. Кинодон көргөндө ишенбечү элем, мурда-кийин ичимдик ууртабагам, ошол учурда анын да даамын таттым. Кантип андай жолго түшүп кеткенимди түшүнбөй калдым. Акыры минтип жүрсөм азабын кайра эле өзүм тартарымды түшүнүп, карманып,  сабыр кылдым….Болду эми, баягы гүлүм жок дедим өзүмө.

Азыр мен эки нерсеге ичим ачышып жатат:

Биринчиси — сүйгөнүмдүн чечкинсиздиги. Эмнеге өз бактысы менен күрөшпөй унчукпай отуруп кала берет. Ата-энеңе каршы чык дебейм, бирок аларды ынандыруу жолун издесе болот да. Өспүрүм эмес, 20 жашка чыккан чоң эле кыз го.

Экинчиси — апасынын принциби. Эмне кызын жакын жерге берсе жыргап жашап, алыста бактысыз болуп калабы экен? Алыс дегидей мен тээ Нарын же Таласка алып кетем деген жокмун го. Жада калса башка облус эмес, коңшу районунда эле жашамакпыз. Ушул кооптуу болуп калдыбы? Албетте ар бир ата-эне "кызын жакшы жерге түшсүн, бактылуу болсун" деп тилейт. Бирок кызынын каалоосу менен эсептешпей коюу караңгылык эмеспи? Мен деле дароо ала качпайм да. Алгач, анын ата-энесин үй-бүлөм менин тааныштырып,  кезигип, сүйлөшүп, анан чоң турмушка аттанат элек го.

Муну менен сүйгөнүмө жетпей калганымды жар салайын деген оюм жок. Мен ата-энелер өзүнүкүн эле "туура" дей бербестен, балдарынын ою менен да эсептешип коюу керектигин айткым келет. Кызынын эт менен челдин ортосунда калып каларын түшүнүшсө дейм. Ушундай кырдаалга кетпелген жаштар көп эле кездешсе керек", — деп ызалана сөзүн аяктады.  Мен анын колуна тийсе асманды таштап жиберүүгө да даяр турганын байкадым, өкүнүчүн, арманын көзүнөн окудум.

Муну уккандан кийин бир чети досумду аяп, бир чети кыздын ата-энесине таң калдым. Чынын айтайын, "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" болдум.  Мен да Бишкекте турам, бул жактан сүйлөшкөн кызымдын же менин ата-энем "бактыңды алыстан издебе!" деп койсо эмне кылам деп ойлонуп калдым.

Ойлонуп отуруп эки учур эсиме түштү. Анда, алардын ата-энеси уул-кызына бакыт каалабаган болуп калабы? Бир дос кызым Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарынан болот. Ал жайында үч жылдан ашуун сүйлөшүп жүргөн баткендик жигитине турмушка чыкты. Ал эми бир досум казак кызы менен 4 жыл сүйлөшүп, жакында эле баш кошуп, Кара-Кулжага алып кетти. Алардын шылтоосу менен Алматы шаарынан 100 чакырым алыста жайгашкан казактын Ашы-Сай айылына барып тойлоп келдик.  Учурда эки бүлө тең бактылуу жашап жатат.

Сиз кандай  дейсиз, окурман?



Дагы: https://sputnik.kg/columnists/20181031/1041797713/ayylym-alys-uchun-ashygymdan-azhyradym.html