Окумуштуулар аялдардан “жеңил ойлуулук синдромун” аныкташты

1 мая 2019 Окумуштуулар аялдардан “жеңил ойлуулук синдромун” аныкташты

Британ окумуштуулары жыныстык жашоодогу бузукулукка белгилүү бир аялдардын тобу гана барарын аныкташты.

Эссекса университетинин социологдору кыздар канчалык жыныстык жашоону кеч башташса, ошончолук “кокустан” боюна бүтүп калуу мүмкүнчүлүгү жана келечекте сексуалдык мамиледе бузукулук жолго баруусу жогору болот. Көпчүлүк аялдар социологиялык сурамжылоонун жүрүшүндө “кеч жетилгенде” жыныстык кошулуулар “өтө көп” болорун тастыкташкан.

Окумуштуулардын пикиринде, жыныстык жактан кеч жетилүүгө аялдардын организминин өзгөчөлүгү, аны менен катар ата-эненин тарбиясы, мектептеги пикир алышуулар сыяктуу сырткы факторлор да таасир этет.