Айыл чарбасы ушул күнгө чейин Борбордук Азиянын азыркы өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүндө, жада калса маанилүү индустриялык дарамети бар өлкөлөрдө дагы өзгөчө жана өтө маанилүү ролду ойнойт. Индустриялык дарамет деген сөз албетте, Казакстанга жана Өзбекстанга, кайсы бир деңгээлде Түркмөнстанга (мында экономиканын негизги бөлүгүн көмүр суутек өндүрүү ээлейт) тиешелүү, аны азыркы учурда агрардык-индустриялык деп мүнөздөөгө болот, ошол эле учурда региондун башка өлкөлөрү (Кыргызстан менен Тажикстан) айыл чарбалык деп атаса туура болот.
Борбордук Азиянын айыл чарба тармагы маанилүү бир деңгээлде региондун тарыхый өтмүшү менен, тагыраак айтканда анын түндүгүндө мал чарбачылыгы (көчмөндүк) жана түштүгүндө жер иштетүү менен байланыштуу. Мунун баары региондун шаардан алыс аймактарында калктын чарбалык ишине таасир тийгизет. Жада калса борбор азия республикаларында советтик мезгилде болгон экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алганда, биринчи кезекте – көчмөндүк чарба үстөмдүк кылган аймакта айыл чарба маданиятын өстүрүү салты киргизилсе дагы тарыхый жактан бекем орун алып калган экономикалык тенденциялар ушул күнгө чейин байкалып келет. Бирок, региондун азыркы өлкөлөрүнүн экономикалык жашоосундагы агрардык тармагынын өзгөчөлүктөрүн жана анын дараметин карап көрөлү. Өлкөлөрдүн ар биринде анын спецификасына терең токтолуу зарыл.
Казакстан. Бул өлкөнүн өзгөчөлүгү болуп айыл чарбасынын жер иштетүү (бардык айыл чарба продукциясынын 47%дан ашыгын түзөт) жана мал өстүрүү (53%га чейин) тармагы бир топ жакшы өнүккөндүгү саналат. Анын үстүнө, мал чарбасы жер иштетүүдөн кыйла өйдө турат.
Казакстандагы жер аянттарынын негизги бөлүгү жогорку сапаттуу үрөн өндүрүүгө, биринчи кезекте – буудай (жалпы үрөндүн 80%ын түзөт) өндүрүүгө бөлүштүрүлгөн, айдоо аянттарынын дээрлик 75%ын түзөт. Өлкөдө бул үрөндүн 100дөн ашык түрдүү сорту жана ушул үрөн маданиятынын гибриддери өстүрүлөт, бирок ошол эле учурда салыштырмалуу жогорку сапатка ээ болгон катуу сортторду өндүрүүгө басым жасалат, ошондуктан дүйнөлүк рынокто кыйла чоң суроо-талапка ээ. Маанилүүлүгү жагынан Казакстанда үрөн маданиятынын экинчи орунда турганы жүгөрүгө туура келет, ага калган айдоо аянтынын чоң бөлүгү туура келет.
Азыркы учурда Казакстан КМШ өлкөлөрүндө үрөн жана анын негизинде жасалган продукцияларды өндүрүү боюнча дээрлик Орусиядан кийинки орунга чыкты, ал эми региондо ал өндүрүүчүлөрдүн башкысы бойдон кала берет.
Акырындык менен акыркы жылдары бул өлкөдө өсүмдүк майы маданиятын өстүрүүгө бөлүнгөн айыл чарба айдоо жерлери өсүр барат. Негизинен – Чыгыш, Түндүк жана Борбордук Казакстандын чоң бөлүгүндө күн карама өстүрүлөт. Анын негизги бөлүгү өсүмдүк майын өндүрүүгө багытталган, өндүрүүнүн көлөмү боюнча Борбордук Азияда биринчи орунду ээлейт жана КМШнын аймагында Орусия менен Украинадан кийинки орунда турат.
Казакстанда үрөн жана өсүмдүк майы маданиятынан тышкары, өлкөнүн түштүк жагында чоң айыл чарба аянттары картошка жана башка жер-жемиштерин (бадыраң, пияз, томат, болгор калемпин жана башкаларды) өстүрүүгө багытталган. Алардын негизги бөлүгү Алма-Ата областында, бир азыраагы – Жамбул жана Түркстан областтарында өстүрүлөт. Өлкөнүн ушул эле областтары бакча маданиятынын түрлөрү (негизинен коон жана дарбыз) дагы даңазалуу. Ошондой эле, акыркы бир нече жыл бою Алма-Ата областында буурчак өстүрүү жолго салынууда, айдоо аянттары акрындар өсүп жатат. Өлкөнүн түштүк райондорунда айыл чарба тармагында көрүнүктүү орунду кант кызылчасы жана тамеки өстүрүү ээлейт.
Казакстанда мал чарбасы үчүн дагы жайыттар бөлүнгөн (айыл чарба жеринин жалпы аянтынын 84%на чейин), ал бул жерде эт өндүрүшүнө багытталган. Бул жаатта республикада акыркы он жылдыкта жалкынын саны көбөйүп жатат – дээрлик үчтөн бир бөлүктү түзөт, төө – 20%дан ашык, кой жана ири мүйүздүү мал – 8%ды. Ошол эле учурда, кататтуунун этин өндүрүү 30%дан ашыкты түзөт. Бирок, эт өндүрүү малдын саны көбөйгөнүнө карабай, жай өнүгүүдө – баары болуп 3%дан ашык.
Сүт өндүрүүдөгү көрсөткүч кыйла төмөн, бирок ага карабай казак тарап аны жакшы жолго салууга аракет кылып келет. 2011-жылдан 2018-жылдарга чейин сүт жана сүт азыктарын өндүрүүнүн көлөмү болгону 2%га гана өскөн. Ушул себептен азырынча Казакстан толугу менен ички суроо-талапты жаба албайт. Ошондуктан, алардын көпчүлүк бөлүгү, өзгөчө бул республиканын түштүк жана түштүк-чыгыш областтарында салттуу түрдө коңшу Кыргызстандан, жана түндүгүндө Орусиядан киргизилет.
Өзбекстан. Бул мамлекеттин айыл чарбасынын түзүмүндө дыйканчылык мал чарбасына караганда көрүнүктүү орунду ээлейт, анын салттуу экономикасынын өзгөчөлөктөрүн эске алганда, бул толук мыйзам чечнемдүү көрүнүш. Өзбекстандын экономикасынын азыркы агрардык секторунда кыйла стратегиялык багыт болуп пахта (ал үчүн бардык айыл чарба жерлеринин үчтөн бир бөлүгү бөлүнгөн) жана үрөн маданиятын (айыл чарба жерлеринин жарымынан азырагы) – биринчи кезекте буудай өндүрүү кала берет. Бирок, жүгөрү жана арпа өндүрүү дагы негизги орунда.
Ошол эле учурда, 1990-жылдардан тартып пахта өндүрүү үчүн бөлүнгөн аянт акырындык менен 30%га кыскарган. Бирок, буга карабай Өзбекстан Борбордук Азиянын жана бүткүл КМШ аймагында ири пахта өндүрүүчү бойдон кала берет. Ошондой эле, түрдүү баалоо боюнча Өзбекстан дүйнөлүк пахтанын 5%ын өндүрөт.
Айыл чарба жерлерин пахтадан бошоткондон кийин, ал жакка негизинен дан өсүмдүктөрү себиле баштаган, анткени өлкөдө калктын саны көп болгондуктан салттуу түрдө үрөн жетишсиздигин баштан кечирип келет. Ушул себептен, 1990-жылдардан баштап буудай жана башка дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө бөлүнгөн айыл чарба жерлери 24%дан 45%га чейин өскөн. Бирок, ал дагы бул республиканын үрөнгө болгон суроо-талабын толук кандуу жаба албайт. Жетишпеген бөлүгүн негизинен Казакстандан сатып алышат (жылына 1,5 млн тоннага чейин).
Эгемендик жылдарында Өзбекстан жашылча-жемиштерди көп өстүрө баштады. мисалы, картошка өндүрүү гана эки эсе өскөн, башка жашылчалар орто эсеп менен 1,5 эсеге өскөн. Азыркы Өзбекстандын айыл чарбасындагы көрүнүктүү ролду бакча жана мөмө берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ойнойт, алардын түшүмдүүлүгүн эки эседен көп жогорулатууга мүмкүн болгон. Алардын негизи бөлүгү мөмөлөрдүн кагынан айырмаланып, негизинен ички рынокко кетет.
Өзбекстандын экономикасынын агрардык секторунун кыйла өз бөлүгүн мал чарбачылыгы ээлейт, анын негизги бөлүгү Жазык, Навои, Кашка-Дарыя, Хорезм областтарында жана Кара-Калпакстанда орун алган. Мунда негизинен эт-сүт берүүчү малга басым жасалган – ири мүйүздүү малга, кой-ичкиге, алардын саны 2001-жылдан тартып азыркы убакка чейин эки эсеге өскөн. Канаттуулар тармагы дагы кыйла жандана баштады, ал 5 эсе өскөн.
Акыркы он жылдын аралыгында уйдун санынын Өзбекстанда өскөндүгү республиканын сүт жана сүт азыктарын өндүрүү тармагы эки эсе өскөндүгүн күбөлөндүрөт. Бул бир эле ички рыноктун суроо-талабын жабууга жабууга эле эмес, чет өлкөгө аны экспортоого талапкер болууга мүмкүндүк берди (2016-жылдын маалыматына караганда Өзбекстан дүйнөдө нак сүт өндүрүүнүн көлөмү боюнча 19 орунду ээлеген).
Тажикстан. Бул республиканын кэономикасында айыл чарбасы өзгөчө ролду ойнойт. Жаратылыш шарттары бул жерде жер иштетүүгө, мал чарбачылыгына ылайыкталган. Ошентесе да, жер иштетүү жакшы өнүккөн.
Тажикстанда негизи үрөн маданияты болуп буудай кала берет, аны өндүрүү көлөмү жалпысынан эгемендик жылдарында өсүп гана келет. Буудайдын өндүрүлгөн үрөнү ички суроо-талапты жаппайт, андыктан республика үрөндүн жана даяр ундун маанилүү бөлүгүн Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн салттуу түрдө алып келет.
Өлкөнүн айыл чарбасындагы маанилүү бөлүгүн пахта өндүрүү түзөт. Пахта Тажикстандын башкы айыл чарба маданияты болуп саналат. Ал өлкөнүн батыш жана түндүк райондорунда өндүрүлөт (республикалык маанидеги райондордо, Согди жана Хатлон областтарында). Эгемендик жалдары аралыгында анын түшүмдүүлүгү кыскарып баратканына карабай, пахта эгилген айдоо аянттары бардык айдоо аянтынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Өндүрүлгөн пахтанын дээрлик 80% КМШ өлкөлөрүнө жана анын чегинен сырткары экспорттолот.
Ошондой эле, Тажикстандын экономикалык жашоосунда багбанчылык чоң мааниге ээ, ал Согди (жалпы түшүмүн 50%га чейинкисин) жана Хатлон (жалпы түшүмдүн 33%га чейинкисин) областтарынын өрөөндүү райондорунда орун алган. Мында негизги мөмө-жемиш маданияттары болуп өрүк, шабдалы, кара өрүк жана алча саналат. Ушул категорияларды өндүрүү акырындык менен акыркы он беш жылдын аралыгында өсүп келет (түшүмдүүлүк дээрлик 2,5 эсе өскөн). Муну менен катар эле өндүрүлгөн кактардын көлөмү дагы өсүүдө, алардын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.
Тажикстандын агрардык чөйрөсүндө кыйла аз орунду мал чарбасы ээлейт, аны менен негизинен өлкөнүн борбордук жана чыгыш бөлүгүндөгү тоолуу райондордо алык болушат (Тоолуу Бадахшан). Ал эт мүнөзүндө гана. Үй жаныбарларынын ичинен негизинен кой жана эчки көп багылат, бир аз бөлүгүн уй түзөт. Топоз багуу бул тармактын өзгөчөлүгү болуп саналат, ал Памирдин бийик тоолуу райондорунда багылат (ал жакта өлкөнүн топозунун 85% багылат). Анткен менен топоздор Тажикстандын тоолуу райондорго да алынып келинген, ал жакта да өстүрүлөт.
Тажикстанда айыл чарба аймагынын болжолдуу жарымы жайыт катары колдонулгандыгына карабай, мал чарбасынын ички ресурстары калктын этке жана сүткө болгон суроо-талабын толук кандуу жаба албайт. Бул жетишсиздик өзгөчө өлкөнүн батыш райондорунда байкалат.
Кыргызстан. Айыл чарбасында мал багуу жана жер иштетүү жетишерлик балансталгандыгы менен айырмаланат, экономиканын ушул тармагындагы дүң продукция түзүмүндө дээрлик бирдей үлүшкө ээ.
Жер иштетүү республиканын өрөөндүү райондорунда өнүккөн, ага бардык айыл чарба жерлеринин 13% туура келет. Алардын жарымынан көп бөлүгүн үрөн маданияты түзөт – буудай, жүгөрү жана арпа. Өлкөнүн бир катар аймактарында өстүрүлгөн картошка, фасоль, күн карама жана башкалар дагы өтө маанилүү ролду ойнойт. Чүй өрөөнүндө кант кызылчасын өстүрүү жакшы жолго коюлган. Кыргызстандын түштүк областтарында айыл чарбасындагы салттуу көрүнүктүү орунду пахта өстүрүү ээлейт.
Кыргызстандын өсүмдүк өстүрүү тармагында маанилүү ролду өрүк, шабдалы, алча, жүзүм жана башка мөмө-жемиштерди маанилүү көлөмдө өстүрүүгө багытталган багбанчылык ээлейт. Ал менен салттуу түрдө кургатылган как даярдоо байланышкан, ал дагы сырткы рынокко экспорттолот. Бакча өсүмдүктөрү маанилүү көлөмдө өстүрүлбөсө дагы, айыл чарбасынын бул тармагына маанилүү мүнөзгө ээ, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө жана Чүй өрөөнүндө.
Кыргызстандын жаңгак ресурстарына өзгөчө толууга болот, биринчи кезекте – грек жаңгагына, аны атайын отургузулган батардан жана Жалал-Абад областынын жаңгак токойлорунан чогултууга болот. Ошондой эле, республикада бадам менен мистенин жергиликтүү өндүрүшү бар.
Акыргызстанда мал багуу эт-сүт мүнөзүнө ээ жана өлкөнүн бардык жерине жайылтылган. Ага бардык айыл чарба жерлеринин 87% туура келет. Малдын негизги саны кой жана ача туяктуу мал менен берилген, жылкынын саны андан бир азыраак көлөмдү түзөт, анткен менен бардык ушул категориялардын саны акыркы он жылдыкта акырындык менен, бирок өсүп жатат (анткен менен, 1990-жылдардын башындагы көрсөткүчкө жете элек). Чочко багуу 8 эсе кыскарып кеткен. Кыргызстанда жер жерлерде топоз багылат (Нарын жана Ош областтарында), бирок ал салыштырмалуу аз көлөмдө, кыскаруу тенденциясына ээ. Канатууларды багуу дагы Кыргызстанда жакшы жолго салынган эмес, ал өлкөдө колдонулган эттин жалпы көлөмүнүн 5%ын дагы жаба албайт.
Түркмөнстан. Бул республиканын экономикасынын түзүмүндө айыл чарбасы бир аз гана орунду ээлейт, анткени анын алдыңкы тармагын нефти өндүрүү ээлейт.
Өлкөнүн аймагынын 6% ганы жер иштетүүгө бөлүнгөн. Бул жердин жарымынан көбө буудай өстүрүү үчүн колдонулат, дагы үчтөн бир бөлүгүнө пахта эгилет (эгемендик жалдары өлкөдө аны өндүрүү 21 эсеге көбөйгөн). Дагы өсүмдүк өстүрүүгө ылайыкталган жердин 8% бакча жэана бак үчүн пайдаланылат. Түркмөнстанда эгемендик жылдары үрөндүн, мөмө-жемиштин түшүмдүүгү жогорулаганы менен, ал ушул категориядагы азык-түлүктөрдүн ички суроо-талабын толук жаба албайт, аларды сырттан алып кирүүгө аргасыз.
Мал багуу Түркмөнстандын айыл чарбасында өтө аз бөлүктү түзөт. бирок, эгемендик жылдары кыйла өйдө көтөрүлүп калганы менен, жайыттардын аймагы кыйла кыскарган. Чарбанын бул тармагы эт-сүт өндүрүүгө багытталган. Эгемендик жылдарында малдын негизги түрлөрүнүн саны көбөйгөнү көрүнөт: ири мүйүздүү мал – дээрлик 3 эсе, кой жана эчки – 3,2 эсе, төө – 1,5 эсе. Үй канаттууларын ушул жылдары 3,5 эсе көбөйткөн. Ошондуктан, ушул тармактагы продукциялар Түркмөнстанда калкктын суроо-талабын толугу менен жабат.
Ошентип, Борбор Азиянын республикаларынын ар бириндеги айыл чарба потенциалы анын башкы өзгөчөлүктөрүн байкоого жана регионалдык деңгээлде жана Борбор Азиянын чегинен тышкары экспортту сооданы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Бул мааниде региондун көпчүлүк өлкөлөрүндө айыл чарбасынын негизги тармактары толук кандуу азык-түлүктөргө болгон калктын ички суроо-талабын толук кандуу жаппайт. Бирок, ар бир өлкөдө бул мааниде өзүнүн себептери бар.
Мисалы, Казакстан өзүн дээрлик эт жана эт азыктары менен (айрым учурларда канатуунун эти түзөт) толук камсыз кылса дагы, ошол эле учурда сүт азыктарына болгон суроо-талапты жаба албайт, ал коңшу Кыргызстандан жана бир бөлүгү Өзбекстан менен Орусиядан киргизилет. Региондогу ири үрөн өндүрүүчү жана жеткирүүчү болгону менен Казакстан ошол эле учурда мөмө-жемишке, жаңгакка жана кургатылган какка болгон маанилүү сандагы импортко салттуу түрдө көз каранды (86%га), аны ал коңшу өлкөлөрдөн – Өзбекстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан алат. Ошондой эле, бир нече парадоксалдуу учурлар байкалат: Өзбекстан казакстандын үрөнүн жогорку деңгээлде сатып алуу менен, аны өзүнүн тегирмендеринен ун өндүрүп, коңшу Тажикстанга сатат, андан ары Ооганстанга кетет, бул менен менен Казакстандын ун өндүрүүчүлөрүн сырткы сүрүп чыгарууда.
Региондогу көп сандаган калкы бар Өзбекстан дагы толук кандай айыл чарба азыгы менен камсыз болгон эмес. Өзүн өзүн сүт жана сүт азыктары менен камсыз кылганы менен, ал эт жана эт азыктарын коңшу Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алп кирүүгө аргасыз. Мындан тышкары, өлкө кум шекердин көп бөлүгүн сырттан алып кирет, ал негизинен региондун чегинен тышкары сатылып алынат – Украинадан жана башка алыскы өлкөлөрдөн. Ошол эле учурда, ал регионалдык деңгээлде сүт, мөмө-жемиш жана жашылчанын бир бөлүгүнүн жеткирүүчүсү бойдон кала берет. Ал эми пахта өндүрүү – бул өлкөнүн стратегиялык багыты бойдон кала берет.
Тажикстан регионалдык деңгээлде айыл чарба потенциалын эске алганда Түркмөнстан менен бир катарга туруп калат. Алар азык-түлүктөрдүн маанилүү бөлүгүн региондогу коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы өлкөлөрдөн испорттоого аргасыз (биринчи кезекте үрөн жана ун азыктарын). Бирок, ошол эле учурда эки өлкө тең экономиканын айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө жакшы жактарга ээ: Тажикстан мөмө-жемиштердин жана кургатылган кактардын ири өндүрүүчүсү жана жеткирүүчү болсо, Түркмөнстан бардык ички сүт азыктарына болгон суроо-талапты жабууга жөндөмдүү. Мындан тышкары, эки өлкө тең экспорттун булагы болгон пахтаны чоң көлөмдө өндүрөт.
Кыргызстан дагы айыл чарбасындагы мал өстүрүү жана жер иштетүүдө салыштырмалуу баланска карабай, үрөндүн жана ундун, өсүмдүк майынын, эттин (негизикнен канаттуулардын), жумуртканын жана башкалардын маанилүү бөлүгүн импорттоого аргасыз. Бирок, ошол эле учурда, биздин республика буурчактын, мөмө-жемиштердин, жаңгактын жана кургатылган кактын маанилүү экспортеру болуп саналат.
Ошондуктан, азыркы учурда Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн ар биринде локалдуу экспорттук потенциал жакшы түзүлгөн. Ошол эле Казакстан бир эле салттуу позициянын экспорттун потенциалы болгон үрөн сатууда гана эмес, акырындык менен буурчак жана буурчак азыктарын регионалдык өндрүүчүгө айланууда. Алардын маанилүү бөлүгү азыры Кытайга кетип жатат. Ошондой эле, көп убакыттын өтүшү менен эт жана эт азыктарын экспорттоочу боло алат, мамлекет ушул тармакты өтө колдоп келет. Бирок, азырынча ушул категориялардагы продукцияны жеткирүү республиканын бардык реализацияланган экспорттук потенциалынын 0,1%ын гана түзөт. Бирок, азыр эле казакстандын эт азыктарын коңшу Кытайга жеткирүү каналдары жакшы жолго салынууда.
Өзбекстан Түркмөнстан жана кайсы бир деңгээлде Тажкистан менен катар ири пахта өндүрүүчү жана чет өлкөгө жеткирүүчү бойдон кала берет. Пахта ушул өлкөлөрдүн баарында стратегиялык товар болуп саналат, болгондо да КМШнын чегинен тышкары артыкчылыкка ээ. Мындан тышкары, Өзбекстан менен Тажикстан өзүнүн экспорттук дараметин жогорулатууда мөмө-жемиштердин чоң көлөмүн өндүрүүгө басым жасап келет. Мисалы, акыркы жылдары Өзбекстандагы маанилүү аянттар чоң гилас бактарына бөлүнгөн, алар жакынкы жылдары бул республиканын экспорт беренелерин толукташы керек. Коңшу Тажикстанда өрүк, шабдалы жана кара өрүк бактары үчүн айыл чарба жерлери бөлүнүүдө. Бул өлкө дагы кургатылган кактарды өндүрүү жана жеткирүү боюнча ири болуп саналат, биринчи кезекте өрүк кагынын, ал бир гана КМШ өлкөлөрүнө эле эмес, алыскы чет өлкөлөргө чыгуу алдында турат, тажик өндүрүүчүлөрү ал үчүн бардык аракетин көрүүдө.
Кыргызстан дагы айыл чарба товарларынын маанилүү экспорттук дараметине ээ. Азыркы учурда потенциалдуу пайдалуу болуп Кыргызстандан сүт азыктарын – сыр, сүт жана ачытылган сүт азыктарын жеткирүү багыты саналат. Республика регионалдык деңгээлде дээрлик он жылдан бери жогорку сапаттуу буурчактын ири өндүрүүчүсү болуп саналат, анын маанилүү бөлүгү экспортко кетет, көбүнчө Түркияга. Ошондой эле, Кыргызстан регионалдык деңгээлде ири жаңгак ңндүрүүчүсү болуп туруп, коңшу өлкөлөрдү – Казакстанды, тажикстанды жана Кытайды азыктын бул түрү менен камсыз кыла алат. Акыркы убакта биздин республикадан Европа өлкөлөрүнө жаңгак жеткирүү каналы жолго салынууда.
Мындай Борбордук Азия республикаларынын айыл чарба продукцияларын иштетүүдө түрдүү экспорттук дарамети көп жагынан экономиканын ушул тармагын колдоо жана өнүкүтүрүү боюнча жасалган мамидеден улам аныкталды. Мисалы, Өзбекстан жана Түркмөнстан бир катар ири мамлекеттик айыл чарба корпорациялын түзүшкөн, өзгөчө пахта өндүрүү тармагында, анткени “ак алтын” бул өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу товар болуп саналат. Тажикстандагы дагы мамлекет пахтаны ири сатып алуучу болуп саналат. Мөмө-жемиштерди өндүрүүдө жана аны анлан ары чет өлкөгө жеткирүүдө ири бизнес барган сайын чоң мааниге ээ боло баштады, бул багытта Кыргызстанда жана тажикстанда жакшы иштер жасалууда. Казакстанда эт жана эт азыктарын жарым фабрикаттарын өндүрүү айыл чарбасынын артыкчылыктуу тармагына айланууда. Ал эми аны мамлекеттен колдогондугуна байланыштуу акыркы 5-6 жылда ага ири бизнес салым сала баштады.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасында чет элдик инвестициялар азырынча аз көлөмдө. Салыштырмалуу алар Казакстанда көбүрөөк, анда кытай бизнесмендери чоң көлөмдөгү айыл чарба жерлерин ижарага алып, бир катар өсүмдүктөрдүн тобун өсүтүрүшөт. Алардын негизги бөлүгү кийин Кытайга жеткирилет. Кандай болсо да, Казакстандын чек арага жакын жайгашкан областтарындагы кытайдын ири агро капиталынын экспансиясы республиканын өзүндө кооптонууну пайда кылат. Анткени, анткени катар эксперттердин пикири боюнча, азык-түлүк жагынан коркунуч жаратышы мүмкүн (мындан улам улуттук коопсуздук үчүн дагы).
Ошол эле учурда, Борбордук Азия өлкөлөрүндө айыл чарба тармагынын өнүгүшү көп учурда бир кылка болгон эмес. Бул анын советтик мезгилден кийин бутка туруусунун ар түрдүү жол менен ишке ашкандыгына байланыштуу. Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда мамлекет айыл жерлеринде жер фондун бөлүштүрүү жолу менен ишке ашты. Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда айыл чарба продукцияларынын чоң бөлүгүн дыйкан жана деке чарбалар өндүрүшөт. Бул анын өндүрүү процессин төмөнкү квалификациялуу кылат, дээрлик заманбап агро технолоялардан, техникалык инновациялык жабдуулардан жана башкалардан алыстатат. Мамлекеттик тапшырык жана сатып алуулар программасы иштеген Өзбекстан менен Түркмөнстанда дыйкан жана фермердик чарбалар үчүн өтө төмөн сатып алуу баалары белгиленет. Мунун баары кошулуп айыл чарбасын региондун калк аз жайгашкан райондорунун негизги бөлүгү үчүн төмөнкү кирешелүү кылат. Ал жакта андан аркы реализациядан жана кайра иштетүүдөн маанилүү кирешени ортомчу компаниялар, мамлекет жана кадимки алып-сатарлар алышат. Көпчүлүк учурда айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр өз продукцияларынын салыштырмалуу аз көлөмүнөн көп учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички рыногунан жана чет өлкөлөргө агро продукцияларды жеткирүүдөн мыйзам ченемдүү алыстаган.
Батыш Европада жана АКШдагы сыяктуу фермердик өнүгүү моделине өтүү жакынкы учурда Борбордук Азия өлкөлөрүндө болбойт. Бир жагынан, ал агрардык тармакта өндүрүштүн инновациялык тармагын болжолдойт ал кыйла жогору түшүм алууга, өндүрүштү жогорулатууга мүмкүндүк бермек. Бирок, экинчи жагынан айыл калкынын көп бөлүгүнөн жер тартып алууга алып келет, бул өз кезегинде региондун бийликте турган башкаруучу элитасы үчүн чоң социалдык жана саясий толкундоолорго алып келиши мүмкүн.
Ошол эле учурда, Борбордук Азия өлкөлөрүндө айыл чарбасынын өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдүн бири болуп тамак-аш өнөр жайынын тиешелүү тармагы менен болгон өз ара байланышы төмөндүгү саналат. Ал тармак айыл чарба продукцияларын толук же жарым-жартылай кайра иштетүүнү жана консервациялоону ишке ашырмак. Бул жыйынтыгында экономиканын бул секторунун өнүгүүсүн кечиктирип, анын кирешелүүлүгүн төмөндөтөт. Ошондуктан, айыл чарба секторундагы продукцияларды сактоо, кайра иштетүү жана аны андан ары чет өлкөгө сатуу боюнча ири мамлекеттик корпорацияларды түзүү гана бул тармактын өнүгүүсүнө кыйла жардам бермек, ан менен региондун республикаларынын өзүндө, ошондой эле айыл калкынын маанилүү бөлүгүндө бюджет туруктуу толукталып турмак. Бул жыйынтыгында фермердик жана дыйкан чарбасынын маанилүү бөлүгүн акырындык менен жалпы эле айыл чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларына өткөрүүгө түрткү болмок.
Ошондой эле, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба тармагын акырындык менен өнүктүрүү жеке продукциянын рыногун кеңейтүүгң жана экспорттун мүмкүнчүлүгүнө көп жактан таасир эте тургандыгын эске алуу зарыл. Азыркы учурда, алар көп жагынан чектелүү, анын ичинде регионалдык чектер менен дагы, андан КМШ өлкөлөрү сырткы рынокторго негизги стратегиялык маанилүү товарларды – пахтаны жана үрөндү алып чыгуу менен жетиштүү деңгээлде чыга алышпай жатат. Экономикалык мүнөздөгү ири бир катар макулдашууларга кошулуу айыл чарба азыктарынын башка аталыштарына дагы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мисалы, Казакстан менен Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү ушул уюмдун мүчө мамлекеттеринин ири рыногуна кирүүгө мүмкүндүк берди. Анын натыйжасында айыл чарба продукцияларынын бир катарын аталган өлкөлөрдөн жеткирүү өсүп жатат. Башка жакшы мисал катары Кыргызстандын Артыкчылыктардын бардык жалпы схемасы+ (АБС+) макулдашуусуна 2016-жылы кошулгандыгы, ал айыл чарба азыктарынын бир катар позицияларын ЕБ өлкөлөрүнө жеткирүүгө мүмкүндүк берет – негизинен буурчак жана мөмө-жемиштин кагын. 2013-жылдын декабрынан тартып Казакстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын жеткирүү үчүн “жашыл коридор” иштейт. Азыркы учурда Кыргызстандан агропродукцияларды импорттоо боюнча ушундай эле жеңилдетүүлөрдү ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Мунун баары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасынын экспорттук дараметин региондун, же КМШнын алкагында акырындап өстүрүүгө гана эмес, ошондой эле региондор аралык айыл чарба рыногуна чыгууга үмүт берет.