Жүк түшүргүч болуп иштеген кыргызстандык мушкер JFC чемпиону болду

1 мая 2019 Жүк түшүргүч болуп иштеген кыргызстандык мушкер JFC чемпиону болду

Кыргызстандыктын атаандашы Россиядан чыккан спортчу болду.

MMA боюнча кыргызстандык мушкер, аралаш мушташтын WMMAF (2015-жыл) версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев JFC боюнча чемпиондук курга ээ болду. Турнирди JFC жана Alash Pride уюштурган. Беттеш Алматыда өттү.

Титулдук кармашта кыргызстандыктын атаандашы россиялык Сергей Клюев болду. Үчүнчү раунддун аягына чыга жаздап калганда Тойчубаев атаандашына муштуму менен жыгып, жеңишке ээ жетти.

Кыргызстандык спортчунун өзүнүн күйөрмандары бар. Ал туурасында жакшы билбегендерге маалымдай кетүүчү учур Тойчубаев Москва шаарындагы тиричилик буюмдарынын кампасында жүк түшүргүч болуп иштеп, бүлөсүн багат.

Спутник Кыргызстан