Ойго келбеген жорук: өз энесинин этинен тамак жасап...

1 мая 2019 Ойго келбеген жорук: өз энесинин этинен тамак жасап...

Улуу Британиянын жашоочусу Дебра Парсонс рождестволук кечки тамакка каза болгон энеси Дориндин денесин жемек болгон. Ал энесинин денесинин күлүн тоок этине кошуп, пудинг жасоону чечкен.

“Адамдар мени акылынан адашкан же бул иш-аракетимди жек көрүү деп ойлошу мүмкүн. Бирок, мен өзүмдү токтото албайм. Энеме майрамда жанымда болууга, үй-бүлөлүк майрамды сезүүгө мүмкүндук бергим келди”, - дейт Дебора.

41 жаштагы британиялык аял энесинин денесинин күлүн ушул жылы апасы каза болгон кезде жемек болгон. Дебра ушундайча “энесине жакын болгусу” келет. Аялдын сөзү боюнча, бир гана ушул аракет энесиз өткөн алгачкы Рождествону баштан өткөрүүгө жардам бере алат.

“Мен анын менин ичимде жашай ала турганын сезем. Себеби ал – менин бөлүгүм. Андай болсо, энем менин денем аркылуу дем алат. Менин дем алуум – апамдын дем алуусу”, -дейт Дебра Парсонс.

Аял  буга чейин энесинин денесинин күлүнөн даам татып көргөн. Ал энесин абдан сагынган кезде, кутудагы күкүмгө манжасын малып, даамдап көргөн.