“Талибандын” жетекчилиги АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү каалабайт

1 ноября 2018

“Талибан” кыймылы Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдүн мүмкүндүгүн четке какты. АКШ менен кызматташууну каалабайт экендиги жөнүндө террористтик топтун талаа командри Мулла Тофан билдирди. Буга чейин ак үйдүн администрациясы талибдер менен бир столго сүйлөшүүлөр үчүн отурууга даяр экендигин белгилеген. Ушул эле учурда Москвада кыймылдын жана оооган өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өтөрү күтүлүп жатат. Ал узакка созулган жаңжалдын аягына чыгаруучу маанилүү кадам болушу мүмкүн. Кененирээк Дон Кортер өзүнүн материалында билдирген.

Талибандын талаа командри Мулла Тофан: “Америкалыктар эч убакта Талибан менен кызматташууну каалаган эмес, ал эми Талибан америкалыктардан эч убакта ислам мамлекети менен күрөшүүгө жардам сураган эмес. Америкалыктар бизди бомболап жатат, бирок биз ал менен күрөшүп келбиз”, - деди.

АКШнын мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун жетекчиси Элис Уэллс: “Администрация Талибан менен дагы, Ооганстандын өкмөтү менен дагы байланыш түзүп, сүйлөшүүлөргө даяр экенин ачык билдирди”, - деп белгиледи.

Мулла Тофан: “Талибандын жетекчилиги эч убакта америкалыктар менен сүйлөшүүгө барууну каалаган эмес жана каалабайт дагы”, - деген сөзүн өзүнү видео байланышында айтып өттү.

Жогоруда айтылган пикирлер боюнча журналист Дон Картер: “27-сентябрда АКШнын коргоо министри Джеймс Мэттис Кабулда Ооганстандын президенти менен жолукту. Алар акыры жек көрүүнү жумшак мамилеге алмаштырып, талиптерди сүйлөшүү столуна отургузууга аракет кылышты. Бирок, ага бир күн калганда Вашингтон талиптерге Ф-35В истребители менен чабуул жасаган. Бул өзгөчө АКШ буга бир нече жылдан бери аракет кылганын эске алганда, тынчтык процессин орногтуу үчүн жакшы башталыш. Буга чейин коркутуп, же сүйлөшүүлөр болот деп алдап келген”, - деди.

АКШнын Коргоо министри Джеймс Мэттис: “Талибан кыймылына дагы бир жолу эскертип айтам, тынчтыкка жетип, саясий легитимдүүлүктү алуунун бир гана жол бар – сүйлөшүүгө келүү керек”, - деген пикирин билдирди.

Ал эми Ооганстандагы АКШнын аба күчтөрүнүн кол башчысы генерал Джон Николсон: “Талибан жеңишке жете албайт. Анын болгону үч варианты бар – элдешүү, эстен баарын чыгаруу же жок болуу”, - деген кескин пикирин айтты. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Джон Салливандын сөзү боюнча Талибан сүйлөшүүлөр столуна отурууга даяр.

Буга чейин 2018-жылдын январында АКШнын президенти Трамп: “Талибандар менен эч кандай сүйлөшүүгө барбайбыз. Алар менен сүйлөшүүнү биз каалабайбыз. Биз жасашыбыз керек болгон нерсени аягына чыгарышыбыз керек”, - деген эле.

Дон Картер: “Талибандар тынчтык орнотобуз деп айткандарга ишенбегени дагы таң калыштуу эмес. Аларга анын кереги деле жок. Анткени, акыркы бир нече ай ичинде алар бүткүл Ооганстан боюнча маанилүү аймакты басып алууга жетишти. Алардын жаздагы кол салуусу коалициялык күчтөрдү түйшөлткөн эле. Анда бир жуманын ичинде жүздөн ашык аскер жана полиция кызматкерлери каза болгон. Бул карапайым калктын арасындагы жоготууларды эсептебегенде. Коалиция күчтөрү менен талибандын согушунун курмандыктары жөнүндө маалыматтар БУУнун баяндамасында жарыяланды.  

Провинциялык кеңештин мүчөсү Амруддин: “Кантип эле, АКШнын бардык мүмкүнчүлүгү болуп туруп, куралдуу согушкерди карапайым жашоочудан айырмалай албай калсын. Алар биринчи жолу жарандык калк боюнча чабуул жасап жаткан жок да”, - деген пикирин журналисттерге билдирген.

2018-жылдагы Ооганстанда чабуулдан 149 киши каза болуп, 204 киши жаракат алган. Ооган аба күчтөрүнүн 52%, эл аралык аскердик күчтөрдүн 45%, бириктирилген өкмөттүк күчтөрдүн 3% курман болгон.

2001-жылы АКШнын бийлиги талибанды жок кылабыз деп ишенишкен. Бирок, жыйынтыгында ал 17 жылдык согушка ээ болду. Бул АШКнын тарыхындагы эң узакка созулган кагылышуу. Азыр дагы иш талибандар менен ооган бийлигинин ортосундагы сүйлөшүүлөргө баратат. Ал сүйлөшүүлөр Москвада өтөт.

Аталган сүйлөшүүлөр боюнча Талибандын талаа командри Мулла Тофан: “Биз Моквадагы сүйөшүүлөргө катыша тургандыгыбызды тастыктайбыз. Биз жолугушуунун күнү жана программасы аныкталган күндү күтүүдөбүз. Андан кийин анын жардамы менен эмнеге жетишүүгө болот экендигин чечебиз”, - деди.

Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтсө, ал аягына чыгуудан өтө алыс болгон жаңжалды жөнгө салуу боюнча маанилүү кадам болуп калат.  

Булак: https://www.youtube.com/watch?v=gvK2sNda3b8