Түрү суук иттердин сынагы. Барат белеңиз?

30 апреля 2019 Түрү суук иттердин сынагы. Барат белеңиз?

Дүйнөдө сулуу, акылдуу иттерден тышкары, түрү суук иттердин да сынагы өтөт. Эң коркунучтуу, үрөй учурган иттердин сынагында кытайдын жалаңач үрпөк баш Сэм ити үч жолу жеңишке жетишкен. Ал көз жумгандан кийин Йода аттуу ит жеңишти бербей келген. Дагы бир чихуахуа пародасындагы Эбби деген ит дагы байгелүү орунду бербейт.

Кызыгы бул иттерди кожойкелери түрү суук деп такыр эсептешпейт. Ээлери бул иттерди бир көз караштан жактырып калышкандыгын билдиришкен.

Коркунучтуу, түрү суук иттердин сүрөттөрү түшүнүксүз сезимди пайда кылат. Сүрөттө чыныгы жашоодон алынган ит тартылгандыгына ишенгиң келбейт. Алар зомби жөнүндөгү тасмалардагы компьютердик монстрларды эске салышат. Бирок, эң эле түрү суук ит дагы ага жакшы кам көрсө, кожоюнун өмүр бою сүйүп, анын социалдык статусуна карабай берилип өтөт.