26 апреля 2019
Энеси баласын өлтүргөндөн кийин кылмышын жашыруу үчүн полицияга жалган маалымат берет. Ал баласынын уктап жаткан учурда каза болгонун айткан. Бирок, экспертизанын жыйынтыгында баланын тумчугуп өлгөнү аныкталат. Акыр-аягы 30 жаштагы аял баласын өзү өлтүргөнүн мойнуна алган.
Орусия Россияда болгон. Аял 3 жаштагы баласын токтобой ыйлай бергендиктен тумчуктуруп өлтүргөн.
Ал баласы тынчын ала бергендиктен, ушундай кылмышка барганын айтат. Энесине карата “Жаш баланы өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын такташууда.