Аялы менен ойношун кармап алып... экөөн тең атып салды

26 апреля 2019 Аялы менен ойношун кармап алып... экөөн тең атып салды

Күйөөсү аялы көзүнө чөп салып жүргөн убакта кармап алат. Ал аялы менен көңүлдөшүн – экөөсүн тең атып салган.

42 жаштагы эркек киши эки адамды өлтүрдү деген шек менен кармалат. Анын аялы өз үйүндө көңүлдөшү менен жыныстык катнашка барган.

Аялынын башка көңүлдөшү бар экенин күйөөсүнө кошуналары айтышат. Ал күзөтчү болуп иштечү. Аялынан шекшиген күйөөсү жумушка кетип, бирок кайра жумуш убактысында үйүнө кайтып келген. Ошол жерде аялы менен бөлөк эркектин жатканын көрөт. Ал кезде үйүндө үч баласы жатканына карабай, атасы куралынан ок жаадырган. Болгон окуяны полицияларга өзү айтып берген. Ал аялы менен көңүлдөшүн өлтүргөнүнө эч өкүнбөстүгүн айткан. Эркек жасаган кылмышы үчүн соттолгон. Эми үч баласын туугандары асырай турган болду.