Ташкенттеги “Мирза Юсуф” мечитинин башкы имамы Рахматулло Сайфуддинов түрк сериалдары өзбектердин генофонун бузуп жатат деп билдирди.
Кезектеги насаатында имам Сайфуддинов: “Жыныстык катнаш учурунда күйөөсүн эмес, түрк сериалдарындагы сымбаттуу актёрлорду ойлогон аялдардан гей балдар төрөлөт”, - деп маалымдады.
Бул билдирүү жергиликтүү ЖМКларда түрк сериалдарына каршы үгүт жүрүп жаткан учурда айтылды. Өткөн айда ZO’RTV телеканалы “Кара махабат” (Kara Sevda) деп аталган түрк сериалын көрсөтүүнү токтотууга мажбур болгон.
Өзбекстандын басма сөз жана маалымат агенттиги, ошондой эле ЖМКларга мониторинг жүргүзүү борбору аталган сериал улут менталитети менен салтына, үй-бүлө баалуулуктарына карама-каршы келет деп чечим кабыл алган.
“Домбиробод” мечитинин башкы имамы Шермурад Тогай да кесиптеши Рахматулло Сайфуддиновдун пикирине кошуларын айткан.
“Исламда жыныстык катнаш учурунда жубайлар шайтан азгырган ойлорду ойлонбогону туура деген хадис бар”, - дейт Шермурад Тогай.