Порно фильмдер импотенциянын себеби экенин билесизби?

24 апреля 2019 Порно фильмдер импотенциянын себеби экенин билесизби?

Америкалык окумуштуулар жаштар арасында порнография көрүүдөн келип чыккан эрекциялык (PIED) пассивдүүлүктүн таралганын маалымдады. 

Алгач PIED терминин Гарвард Медицина мектебинин профессору Абрахам Моргенталер сунуштаган. Андан тышкары көптөгөн изилдөөчүлөр порнография менен тукумсуздук арасында байланыш бар экенине шек санашууда. Ошол эле учурда, дагы башка изилдөөчүлөр чоңдорго арналган фильмдер жыныстык каалоого терс таасир эте турганын далилдешти. Rolling Stone журналы кабарлагандай, порнографияга көз карандуулук менен күрөшкө арналган сайттардын кызматын пайдаланган миңдеген адамдар өздөрүн PIED-ден жапа чеге тургандарын айтышкан.

Сексопатолог Ванесса Мариндин айтымында, кийинки эки-үч жылда эрекциялуу пассивдүүлүк жаш жигиттерде көбөйгөнү байкалып жатат, мурда ал негизинен улгайган адамдарга мүнөздүү оору болчу дейт.

Сан-Диегодогу Аскердик деңиз борборунун урологу Мэтью Кристманның изилдөөлөрү тукумсуздуктун порнографиядан болорун көрсөткөн. Адистер 20дан 40 жаш аралыгындагы 312 эркекке сурамжылоо жүргүзүшкөн. Алардын көпчүлүгү порнографияны ашыкча көп көргөн сайын эрекциянын пассивдүүлүгүнөн азап тарта тургандарын айтышкан.

Чоңдорго арналган фильмдер оорунун башкы себеби экенине күмөн санашкан окумуштуулардын өздөрү анын көптөгөн себептеринин бири экенин мойнуна алышты.