Аялы уктап жаткан учурда өзүн күйөөсү бир нече жолу зордуктаганын байкап жүргөн. Күйөөсүнүн телефонунан ал ушул иш-аракетти тастыктаган видеону да таап алган.
Ал видеону таап алганга чейин, күйөөсү менен он жылдан бери жашап келип, бир нече балалуу болушкан. Ал жыныстык катнашка баруу үчүн күйөөсүнүн муну атайын уктатып коё турганын байкаган.
“2017-жылдын март айында күйөөмдүн жыныстык катнашка аргасыз кылганын билдим. Ошол убакыттан баштап менин жана балдарымдын жашоосу түп-тамыры менен өзгөрдү”, - дейт аял.
2006-жылдан баштап бул шаарда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук иш-аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Бирок, ага карабай мындай кадамга барган адамдардын саны өсүп келет.
Ал эми күйөөсү: аялынын көбүнчө жыныстык катнаштан баш тартып келгенин жана ал сүйүү кумарына батып жаткан учурда видеого тартууга макул эместигин айтат. Ушундан улам күйөөсү зомбулук кадамга барган. Сот аны 9 жылга эркинен ажыратты.