Узакка созулган оорудан кыйналган кыз, андан кутулуу үчүн жергиликтүү “сыйкырчыларга” кайрылып, обу жок жөрөлгөнүн курмандыгы болду. Кайгылуу окуя кытайдын Сычуань провинциясындагы Гуанъюань округунда болгон.
Кыздын даттануусу боюнча көзү ачыктар ага жин кирип кеткенин айтып, экзорцизм жөрөлгөсүн жасоону сунушташкан. Жин чыгаруу үчүн кызды жыгач челекке салып, анда тирүүлөй кайнатып салышкан.
Кыздын кыйкырыгына коңшулар чуркап келип, буу чыгып жаткан челекке күбө болушат. Көзү ачыктар кыз эмес, андагы жин кыйкырып жатат, биз аны чыгарууга аракет кылып жатабыз деп ишендирүүгө аракет кылган.
Окуя болгон жерге келген дарыгерлер кызга жардам берүүгө үлгүргөн эмес. Кыз алар келген чейин эле көз жумат. “Сыйкырчылар” кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.