Жан таттуу... Өмүрүн камсыздандырган кыргызстандыктар жана төлөнгөн сумма

23 апреля 2019 Жан таттуу... Өмүрүн камсыздандырган кыргызстандыктар жана төлөнгөн сумма

Статкомдун маалыматына ылайык, былтыр үч окуя катталып, ар бирине 100 миң сомдон төлөп берген.

Кыргызстанда өткөн жылы ыктыярдуу түрдө 579 адам өмүрүн камсыздандырган. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, камсыздандыруунун жалпы суммасы 130,1 миллион сомду түздү. Аны кайсы бир жаран ден соолугунан жабыркап, кырсыктаса келишимдин талаптарына жараша акча төлөп берет. Ал эми камсыздандыруудан чогулган взнос 400 миң сомго жетти.

Былтыр ушул сыяктуу үч окуя катталып, камсыздандыруу компаниясы ар бирине 100 миң сомдон төлөп берген.

Спутник Кыргызстан