Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүүдө

23 апреля 2019 Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүүдө

Учурда Жапаровдун иши каралууда, ал эми Текебаевдин иши боюнча соттук отурум түштөн кийин болот.

Абакта отурган экс-депутаттар Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун 200гө чукул тарапташы Жогорку соттун имаратынын алдына келди. 

Митинг өткөрүүнү пландап жаткан экс-депутаттардын тарапташтары эртең менентен бери чогулууда. Атайын сахна орнотуп, колуна желек, баннерлерди кармап жүрүшөт.

Кабарчынын айтмында, учурда Жапаровдун иши каралууда, ал эми Текебаевдин иши боюнча соттук отурум түштөн кийин болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Соңку өкүмдү Жогорку сот чыгарган. Бирок кийин Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнгөн.

Ал эми Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Анын иши да жаңы жагдайлар боюнча кайрадан каралууда.

Спутник Кыргызстан