Текечер төшөктө абдан этият болот. Ал эми сиздин мырзаңыз төшөктө кандай экендигин билесизби

23 апреля 2019 Текечер төшөктө абдан этият болот. Ал эми сиздин мырзаңыз төшөктө кандай экендигин билесизби

Сиздин каарманыңыз кандай экенин бирге талдайлы...

Кой - төшөктө өзүнүн “кой” эмес экенин далилдегиси келет. Дайыма умтулуп турушат жана айымдарга өзүнүн тажрыйбалуу экенин сездиргенди каалашат. Ошондой эле, аялзатынын дене мүчөсүн аймалаганды жактырышат.

Букачар - буларга түн ортосунда жыныстык катнашка барган жагат. Мындан тышкары  сырткы келбетин өзгөртүүнү каалашпайт. Дайыма бир калыпта болгонду туура деп эсептешет. Көбүнчө бул белгидеги мырзалар төшөк оюнунун тизгинин аялына бергенди жактырышат имиш.

Эгиздер - булар убакытка көз каранды эмес. Жакын байланышты каалай тургандар төшөктө активдүү болушат. Сүйүктүүсүнүн каалоосун сезип, биле алат. Түгөйүнүн романтикага жакын болгонун жактырат.

Чаян - бул белгидеги эркектер бир түрдүү болгонду жактырышпайт. Жыныстык катнашты өзгөртүп турушат, ал сүйүктүүсүнө жагат деп ишенишет. Төшөк ырахатынан кийин ошол тууралуу сүйлөшкөндү, сырдашканды жакшы көрүшөт. Өзүнүн “ийгилигин” узак убакытка чейин унутушпайт жана көп мактанышат.

Арстан үчүн төшөк оюну бир пьеса сыяктуу. Ал “Арстандын махабаты” деп аталат. Сенарий боюнча долбоордун автору арстан. Башкы ролдо Арстан. Өзүнүн сүйүктүүсүнүн сезимтал болгонун каалайт. Ал өзүн ар бир “ишке” жөндөмдүүмүн деп эсептейт.

Бийкеч - бул белгидеги жигиттер өтө кылдат келишет. Кыздарды катуу көзөмөлдөн өткөрүшүп, кичине нерсеге көңүл бурушат. Алар үчүн кээде жыныстык катнаш болгону табигый көрүнүш катары көрүнөт экен.

Тараза - булар аялдын ички жан дүйнөсүнө карай беришпейт. Болгону сырткы сулуулук, кооз кийим, сүйкүмдүү кылыктар гана маанилүү. Аларга көңүл бурбаган кезде гана сизге болгон кызыгуусу арта баштайт.

Бөйөн -  сүйүктүүсүн коркутуп койгон жагат. Кыздын башы айланып өзүн гана ойлоп калышын жактырат. Анын бир көз карашынан эле сүйүктүүсү баарына даяр болуп турат. Бирок, алар чындыгында мыкты!

Жаачы - башкаларга түнт көрүнгөнү менен, төшөктө андай эмес. Алар сүйүктүүсүн назиктик, кумарлануу менен арбап алышат жана төшөк тоютун алгандан кийин, ошондой атайын баяндарды айтканды жактырышат.

Текечер - төшөктө абдан этият, ашыкча эч нерсе жасабайт жана сизге өтө назик болот. Ал көп нерсеге жөндөмдүү. Текечерлер баардык нерсени өздөрүнө жакын кабыл алышат. Ал баардык бакыт акчада эмес экенин билет.

Суупери - эч кимге окшош эмес жана ошонусу менен мактанышат. Алардын сапаты да ар түрдүү, көпчүлүгү түгөйү менен бир гана мүнөздөмө аркылуу эмес, жан аркылуу болууну каалашат.

Балык - сүйүктүүсүн эркелетет, анан “бийликти” ошого берет. Сезимтал болгондуктан мурунку махабататтарын көп ойлошу мүмкүн. Негизинен ал баардык кыздарды өзүнө тартып тургандыгын моюнга алуу керек. Аял кишини өзгөртө ала турган касиетке ээ, ары тундурулган романтик болушат.