Миллионер аял күйөөсүнө башка аялдар менен төшөктөш болууга уруксат берди

22 апреля 2019 Миллионер аял күйөөсүнө башка аялдар менен төшөктөш болууга уруксат берди

Тамеки магнаты Трэверс Бейнон ар түнүн кеминде төрт аял менен бирге өткөрөт. Ал эми мыйзамдуу никедеги жары бул жагдайга эч каршылык көрсөтпөйт. 

Голд-Кост шаарында жашаган миллионердин мыйзамдуу аялы менен төрт баласы бар. Ага карабай, акчалуу жаран бир аялын аз көрүп, ар бир түнүн дагы төрт бейтааныш сулуу менен өткөргөндү артык көрөт.

Ал: “Менин уйкум канбайт. Төшөгүмдө орто эсеп менен төрт аял жатат”, - деп мактанган.

Бейнондун аялы Тейша болсо, күйөөсүн төшөктө башка кыздардан эч кызганбайт экенин айтат.

“Башка кыздар дайыма табылат. Алар кээ бир учурда үйдө бир нече жума туруп анан кетишет. Мен каршы эмесмин. Ага турмушка чыккам. Анын көңүлдөшү көп болгону менен, түбөлүк жары жалгыз”, -дейт Тейша.