Москвадагы тергөө абагынын алдында тажик жараны уурдалды

22 апреля 2019 Москвадагы тергөө абагынын алдында тажик жараны уурдалды

Москвадагы тергөө абактардын биринин алдында Тажикстандын жараны уурдалды. Белгисиз адамдар Рудаки районунун 45 жаштагы тургуну Дилшод Сатторовду күчтөп автоунаага отургузуп алып кетишкен.

«Окуя ал тергөө абагынан чыккандан 15 мүнөт өткөндөн кийин болду. Жарандык кийимчен белгисиз төрт адам аны туугандарынын көзүнчө автоунаага күчтөп салып, белгисиз тарапты көздөй алып кетишкен. Учурда агамдын кайсыл жерде экени белгисиз», — деди Дилшоддун иниси Мухаммадшариф Сатторов.

Анын айтымында, бир жыл мурда агасы Сириядагы согушка катышкан деген шек менен кармалып, тергөө абагына камалган. «Былтыр Тажикстандын Башкы прокуратурасы Москвага кайрылып, Дилшодду камакка алууну өтүнгөн. Тажикстанда агамды жалданмачылык беренеси менен айыптап жатышат. Бир жылдан кийин ал бошотулары менен уурдап кетишти», — деди Мухаммадшариф.

Тажикстан жаранынын Москвада уурдалгандыгы тартылган видео интернетке жарыяланды. 18 секунддук тасмада бир нече адам Сатторовду күчтөп автоунаага отургузуп жатканын көрүүгө болот. Четте карап турган полиция кызматкерлери бул окуяга кийлигишкен эмес.

«Бийлик Дилшод жарым жыл «Ислам мамлекетинин» Сириядагы машыгуу базасында жүргөн деп айтып жатат. Бул жалган. Агам эч качан Сирияга барган эмес. Биз жергиликтүү базарда иштечүбүз. Аялы экөө товар алып келүү үчүн Түркияга эки-үч күнгө гана барып келишкен. Аялы Орусиянын жараны, алардын алты баласы бар», — деди ал.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Дилшод Сатторовдун кармалгандыгы жана мекенине ыктымал экстрадициялангандыгы тууралуу маалыматтарды ырастаган дагы, төгүндөгөн дагы жок.

Азырынча Дилшод Сатторовдун кайсыл жерде экендиги белгисиз. «Мемориал» укук коргоо борборунун кызматкери Бахром Хамроев тажик жараны мекенине экстрадицияланган деп эсептейт. Анын айтымында, буга чейин да тажик бийлигин сындаган адамдар уурдалып, тарыхый мекенине экстрадицияланган учурлар болгон.