Активисттер уран иштетүүгө каршы кол топтоп жатат

22 апреля 2019 Активисттер уран иштетүүгө каршы кол топтоп жатат

Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. Аны азырынча жети миңге жакын киши колдоду. Онлайн кол топтоонун демилгечиси, журналист Алена Хоменко петициянын максатын мындайча түшүндүрдү:

- Баары каршы болуп жаткандыктан мындай пикирлер үчүн бирдиктүү аянтча түзүүнү ойлондум. Азыр мага «бул петиция маселени чечкенге жардам береби» деп жазып жатышат. Мен балким өкмөт бул пикирди эске алабы деп үмүт кылып жатам. Чогуу болсок күчтүү болобуз.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга чыгышкан.

Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы - Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Анын 60 пайызына орусиялыктар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык. Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган.

Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участогу мамлекеттик баланска коюлган.

Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Маселени иликтеш үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. 20-апрелде комиссия мүчөлөрү менен жолуккан бир катар жергиликтүү тургундар кенди иштетпөөнү талап кылышты.