Казакстанда «Чындыктан кача албайсың» деген баннер үчүн эки активист соттолду

22 апреля 2019 Казакстанда «Чындыктан кача албайсың» деген баннер үчүн эки активист соттолду

Алматы соту активисттер Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбековду иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү деп таап, 15 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды.

Активисттер 21-апрелде Алматыда марафон өтүп жаткан жерге «Чындыктан кача албайсың. Менде тандоо бар» деп жазылган баннерди илишкен.

Сотто Тулесова мындай кадамга 9-июнда өтө турган кезексиз президенттик шайлоого байланыштуу барганын айтты.

«Биз акыры таза, адилеттүү шайлоо өткөрүүгө жетебиз. Бирок тилекке каршы, биздин азыркы системабыз чыныгы талапкерлердин, жөнөкөй жарандардын өз алдынча талапкерлигин көрсөтүүсүнө мүмкүндүк бербейт», — деди ал.

Отурумдун жүрүшүндө байкоочулар бул иш боюнча түзүлгөн протоколдо активисттер «Улут лидери тууралуу мыйзам — улуттун маскаралыгы» деген баннерди колдонгон деп жазылып калганын билдиришти. Бирок сотто сурак берип жаткан полиция кызматкери бул дал келбестикти «техникалык мүчүлүштүк» менен түшүндүрдү. Адвокаттын айтымында, протоколдогу бул туура эмес жазуу алынган жок.

Активист Асия Тулесова бир катар демилгелерди көтөрүп жүргөндөн тышкары Алматыдагы абанын булгануусу боюнча маалымат берип турууга арналган Almaty Urban Air (AUA) деп аталган мобилдик тиркеменин иштеп чыгуучусу катары дагы белгилүү. 20 жаштагы Бейбарыс Толымбеков тууралуу марафон маалындагы акцияга чейин эч нерсе белгисиз болчу.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кете турганын 19-мартта жарыялаган. Ал президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенине карабастан, өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жана «Нур Отан» партиясынын башчысы бойдон кала берет. 20-мартта Касым-Жомарт Токаев ант берип, мамлекет башчысы кызматына киришкен.

Учурда алдыдагы президенттик шайлоого Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын катышар-катышпасы чоң кызыгууну жаратууда. Ал жакында эле өлкө парламентинин спикери болуп шайланган.