Айдоочу кыз унаасы менен Бишкектеги көпүрөдөн кулап кетти

22 апреля 2019 Айдоочу кыз унаасы менен Бишкектеги көпүрөдөн кулап кетти

Рулдагы 24 жаштагы кыз кандай жаракат алганы айтылган жок.

Бишкекте CR-V унаасы көпүрөдөн кулап түштү. Бул тууралуу КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 22-апрель күнү болгон.

"Азыр эле Лев Толстой көчөсү менен Манас проспектиси кесилишкен жердеги көпүрөдөн Honda C-RV унааны кулап түштү. ӨКМдин кызматкери рулда кыз киши болгонун, ал тирүү экенин айтышты", — деп жазды Карыпбеков.

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык болгонун тастыкташты. Окуя саат 03.30да болгон.

Маалыматка караганда, рулда 24 жаштагы кыз отурганы айтылды. Бирок ал кандай жаракат алганы белгисиз.

Спутник Кыргызстан