Диний үй-бүлөдө тарбияланган балдар таш боор болушат

22 апреля 2019 Диний үй-бүлөдө тарбияланган балдар таш боор болушат

Орусиялык блогер Николай Подоскорский илимий изилдөөлөрү менен бөлүштү. Анда диний үй-бүлөдөн чыккан балдардын өздөрү менен курдаш атеисттерге караганда таш боор келе турганы далилденген. Илимий изилдөө  ыкмасы төмөндөгүдөй.

Буга чейин психологдор ишенимдүү жашыруун ойлордун бир түрү деп белгилешкен. Бүгүнкү күндө адамдын тарбияланган диний даражасы маданий чөйрөгө байланыштуу деп далилдешет. Бир нече жыл мурун Чикаго университетинин окумуштуулары илимий тажрыйба жүргүзүшкөн. Тажрыйбанын жүрүшүндө алты мамлекеттин – Канада, Кытай, Иордания, Түштүк Африка, Түркия, АКШ өлкөлөрүнүн 5 жаштан, 12 жашка чейинки миңдеген балдарга изилдөө жүргүзүшкөн.

Катышуучуларга эң биринчи камкордук менен мээримдүүлүктү баалаган “Диктатор” психологиялык оюнунун ойнотушат. Балдарга он чаптама (наклейка) кагазын таратышып, өзү тааныбаган балдарга таратууга тийиш экени айтылат. Кийинки тапшырмада балдардын айыптоочулук менен кайрымдуулугун баалай турган кыска метраждуу мультфильмдер көрсөтүлөт, анда бир каарман экинчи каарманды атайын же байкабай түртүп жиберет.

Анкетаны катышуучулардын ата-энелери да толтурушат. Алар үй-бүлөсүндөгү ишеним менен динге болгон көз карашын, адеп-ахлак жана адилеттүүлүк тууралуу түшүнүктөрүн жазышты.

Тажрыйбанын жүрүшүндө диний үй-бүлөдөн чыккан балдар ач көздүүлүктү көрсөтүшкөн, өздөрүнө тараткан чаптамаларды башка балдарга бербей, алардын иш-аракеттерин күнөөлөп баштаган жана ошол балдардын жазаланышын талап кылышкан, деп жазышат изилдөөнүн авторлору.

“Мындан чыккан жыйынтык – динчил үй-бүлөдөн чыккан балдар мээримдүү болушат деген түшүнүк жокко чыгып олтурат. Биздин тажрыйба боюнча динчил эмес жана атеисттердин үй-бүлөсүндө тарбияланган балдар кайрымдуу болуп чыкты”, - деди изилдөөнүн авторлорунун бири Жан Десети.

Ошондой эле, “динчил ата-энелер балдарын мээримдүүлүккө, калыс жана чылчыл болууга үйрөтүшөт, бирок балдардан мындай сапаттар байкалган жок”, - деп жыйынтыкташты изилдөө тажрыйбасынын найтыйжасын.