Окумуштуулар: Кош бойлуу айымдар үчүн чалкалап жатып уктоо коркунучтуу

22 апреля 2019 Окумуштуулар: Кош бойлуу айымдар үчүн чалкалап жатып уктоо коркунучтуу

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, наристенин аман-эсен дүйнөгө келиши энесинин төшөктө кандай жатып уктайт экени менен түздөн-түз байланыштуу. 

Манчестер университетинин окумуштуулары 1000 кош  бойлуу аял катышкан изилдөө ишин жүргүзүштү. Алардын 291инин баласы өлүк абалында төрөлүшкөн. Башкача айтканда, ушул наристелердин өлүк болуп туулусуна энесинин боюнда бар кезинде кантип уктаганы түздөн-түз таасир эткен.

Мындан тышкары, окумуштуулар кош бойлуулуктун 28-жумасынан кийин балдардын өлүк болуп төрөлүү коркунучу эки эсе жогору болорун айтышкан. Ушул мөөнөттөн баштап кош бойлуу аялдарга чалкасынан жатып уктоого болбойт. Энеси чалкалап жаткан кезде ичиндеги балага кан барбай калышы мүмкүн.