Беттин тазалыгы ашказан менен байланыштуу

22 апреля 2019 Беттин тазалыгы ашказан менен байланыштуу

Бүгүнкү күндө ар бир айым сырткы келбеттин ички организм менен түз байланышы бар экенин жакшы билет. Ошол себептүү түрдүү диетаны колднууда окумуштуулардын пикирлери баалуу болуп саналат. Биз да сиздерге ушул темага ылайык кеп-кеңеш менен текшерилген ыкмаларды сунуштоого даярбыз. Алардын бирин сиздин назаррыңызга сунуштайбыз.

Бир ай бою эртең мененки тамакка натыйжалуу “скрабды” кошуп турууңузга туура келет. Бир айдан кийин күзгүдөн чоң жумушуңуздун натыйжасын көрө аласыз.

Бет терисинин түсү, тырмак менен чач жакшырып, ичтеги май “эрий” баштайт.

Анын курамы:

-5 аш кашык сулу талканы;

-5 аш кашык суу;

-1 аш кашык сүт ( же 1 чай кашык каймак);

-1 чай кашык бал;

-5 грек жаңгагы.

Даярдоо жана колдонуу жолдору:

Түндө 5 аш кашык сулу талканына 5 аш кашык кайнатылган муздак суу куюш керек. Муну эртең менен жасап, 15-20 мүнөткө тыныктырып коюуга да болот.

Андан кийин ушул талканга 1 аш кашык сүт же 1 чай кашык каймак кошуп, 1 чай кашык бал аралаштырып, 5 грек жаңгагын кошуу керек. Анан баарын жакшылап аралаштырып, оозго салып, көпкө чейин чайнаңыз.

3 саатка чейин эч нерсе жебей туруу зарыл.