Мырзалар жубайын чын сүйөрүн кантип билүүгө болот

22 апреля 2019 Мырзалар жубайын чын сүйөрүн кантип билүүгө болот

“Сүйөм” деген сөздү ар бир адам айта бериши мүмкүн. Ал эми чыныгы сезим сөз менен эмес, иш менен далилденет. Эркек кишинин чыныгы сезимин анын иш-аракеттерине карап эле билүүгө болот.

1.Күн сайын “Кутман таң!” деп кайрылат

Эгер сүйүктүүңүз сизге күн сайын ушул сөздү айтса, ал сиз жөнүндө күн сайын ойлонгон адам.

2. Ал сиз келгенде дайыма кубанат

Эркек канчалык чарчап турса да, сизди көргөндө бүркөө кабагы ачыла түшөт.

3. Ал ар дайым сизди кунт коюп угат

Сиз токтоосуз сүйлөгөн адам болсоңуз да, ал сиздин сөзүңүздү бөлбөйт жана көп сүйлөйт экениңизди бетиңизге баспайт.

4. Ал сиздин оюңузду угат

Эгер сиз ага чач үлгүсү жарашпайт же кээ бир иштин зарыл эмес экенин айтсаңыз, ал өзү каалабай турса да андан баш тартат.

5. Ал төшөккө жатканда сизге көп орун берет

Сиздин ээн-эркин жатууңузду ойлойт. Камкордугун мындан билиңиз, жада калса уктап жатканда да сизди ойлойт.

6.Жардам керек учурда дайыма жаныңыздан көрөсүз

Иш күнүңүз оор өтсө, азык-түлүк сатып алууда кыйналып жатсаңыз же ооруп турсаңыз дайыма жаныңызда болот.

7. Маанилүү күндөрдү унутпайт

Ал сиздин туулган күнүңүздү, маанилүү даталарды унутпаса, анда ал күндөр сүйүктүүңүз үчүн дагы маанилүү ролду ойнойт.

8. Сизди себепсиз кубантууга аракет кылат

Сиздин жакшы көргөн таттуу азыктарды же башка нерселерди алып келип турат. Бул сизди жакшы көрүп, ойлоп жүрөт дегендин белгиси. Ал жөн гана сиздин кубанганыңызды көргүсү келет.

9. Сизге жаккан нерседен ал да рахат алат

Мисалы, ал теннис матчына жазылып койгонуна карабай сиз суранган жакка чогуу барат.

10. Жабык эшик артында романтикалык кеч жасап жүрөт

Ал үчүн романтика деген төшөк катнашы эмес. Ал үчүн сиз менен бирге убакыт өткөрүүнүн өзү керемет сезим.

11. Ал сиз менен мактанат

Сиздин кандайдыр бир жеңишиңиз ал үчүн сыймык. Ойлогон нерсеңизге жете албасаңыз да, ал сиз менен сыймыктанат.

12. Ал сизди коргоп жүрөт

Ал сизди досторунун алдында да, башка адамдардын да коргоп жүрөт. Өмүр бою сизге кам көрөт. Ошондуктан, сиз өзүңүздү бактылуу сезесиз.