Эртең мененки тамактан баш тарта көрбөңүз! Зыяны айтылды

19 апреля 2019 Эртең мененки тамактан баш тарта көрбөңүз! Зыяны айтылды

Эртең мененки тамакты ичпегендер жана кечки тамакты түн ортосунда жегендер жүрөгү кармап ооруп калгандан кийин көпкө чейин өзүнө келе албайт. Мындай жыйынтыкка кардиологдор келгенин European Journal of Preventive Cardiology журналы жазды.

Окумуштуулар 113 бейтаптын маалыматтарын анализдеген. Алардын орточо курагы 60 жаш болуп, изилдөөгө катышкандардын 73 пайызын эркектер түзгөн.

Бейтаптардын 58 пайызы түшкө чейин суу же кофеден бөлөк эч нерсе ичпей жүрүүнү адат кылып алган. Ал эми изилдөөгө катышкандардын 51 пайызы уктаганга эки саат калганда тамак ичишкен. Бейтаптардын 41 пайызында жогорудагы эки адат тең болгон.

Изилдөө көрсөткөндөй, эки адаты тең бар бейтаптардын инсульт алгандан кийин бир айдын ичинде кайтадан жүрөгү кармап калуу коркунучу 4-5 эсе жогорулаган.

Андыктан окумуштуулар эртең мененки тамакты калтырбай ичиш керектигин айтып, ал эми кечки тамакты эртерээк ичип-жеген туура экенин айтышууда.

Спутник Кыргызстан