Чүй облусунда "Коопсуз шаардын" камерасын аткылап кетишти

19 апреля 2019 Чүй облусунда "Коопсуз шаардын" камерасын аткылап кетишти

Талкаланган камера баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү.

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылындагы "Коопсуз шаардын" камерасы талкаланды. 

Буга чейин Бишкек менен Чүйдө 15-апрелден тарта дагы 16 камера ишке берилери айтылган болчу.

"Окуя 15-апрелге караган түнү болгон. Эртең менен Бишкек — Торугарт трассасындагы Гидростроитель айылында орнотулган камера талкаланганы аныкталды. Алдын ала маалымат боюнча камераны тапанча менен атышкан", — дешти компаниядан.

"Вегадан" билдиришкендей, аталган факты боюнча Ысык-Ата РИИБине арыз жазылып, баллистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен камерага ок чыгарылган-чыгарылбаганы белгилүү болот.

Камераны калыбына келтирүү мүмкүн эместиги айтылды.

Спутник Кыргызстан