Ач калган мышыктар үй ээсин жеп коюшту

19 апреля 2019 Ач калган мышыктар үй ээсин жеп коюшту

Карыган кемпир үйүндө 40 мышык багып келген. 

Пенсия жашындагы аял үйүндө жалгыз турчу. Ал көбүнчө үйдүн короосунда болуп, кээде дүкөнгө барып келип жүргөн.

Акыркы учурда аялдын короого чыкпай калганын байкаган коңшулары полицияга кабар беришет.

Полиция кызматкерлери үй ичинен аялдын өлүү денесин табышкан. Алардын айтымында, аял өлгөндөн кийин үйдөгү мышыктар алгач ээсинин этин жеп, андан кийин бири-бирин жей башташкан. Акырында бир гана мышык тирүү калган.